Бүгүн Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасынын 80 миң дозасы алып келинет

© Sputnik / Магда Гибелли / Медиабанкка өтүүSputnik V вакцинасынын жүгү. Архив
Sputnik V вакцинасынын жүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Жазылуу
Буга чейин аталган вакциналардын келе жатканын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирген.
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бүгүн, 17-июнь күнү, Бишкекке Россиянын коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасынын 80 миң дозасы жеткирилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Вакцинанын бул жолку партиясын аэропорттон министрликтин кызматкерлери тосуп алат.
Медициналык кызматкер коронавируска каршы вакцина менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
Аймактарга коронавируска каршы вакцина жетпей жатат. Себеби
Бул препараттын келе жатканын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирген. Ведомство жетекчиси вакцина эки жол менен — бири акчага, экинчиси гуманитардык жардам (500 миң доза) катары келерин кошумчалаган.
Кыргызстанга буга чейин эки транш менен апрель, май айларында россиялык адистер жасаган 40 миң доза вакцина келип, саны чектелүү болгондуктан өнөкөт оорусу барлар менен улгайгандарга саюуну чечишкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0