Бишкекте 20 жаштагы кыз былтыртан бери изделүүдө. Сүрөтү жана белгилери

© Sputnik / Жоомарт УраимовАялдамада турган кыз. Архив
Аялдамада турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Жазылуу
Кыздын энесинин айтымында, ал 19-сентябрда Ала-Тоо конушундагы үйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эмес. Милиция жарандардан көмөктөшүүнү суранды.
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. 2020-жылдын сентябрь айынан бери 20 жаштагы Калия Калеева изделип жатат. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба УВД Ленинского районаДайынсыз жоголгон Калия Калеева
Пропавшая в сентябре 2020 года 20-летняя Калия Калеева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Дайынсыз жоголгон Калия Калеева
Былтыр милицияга кайрылган аял кызы 19-сентябрда Ала-Тоо конушундагы үйүнөн чыккан боюнча кайтып келбегенин билдирген.
Белгилери: бою 173-175 сантиметр, дене түзүлүшү орто, чачы кара, көзү күрөң, кырдач мурун. Сезонго ылайык кийинип жүргөн.
Милиция жоголгон кыз тууралуу маалыматы барларды 0 (312) 35-26-05, 0 (312) 44-44-57, 0(312) 35-26-32, 0(553) 10-24-65, 0(703) 40-16-00, 0 (705) 45-05-53, 0 (553) 10-28-80 жана 102 номерлерине чалып коюуну өтүндү.
Жаңылыктар түрмөгү
0