Орозбек Кутманалиев 11 уул-кызы менен. Үй-бүлөнүн таберик сүрөтү

234
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
КРдин эл артисти, киноактёр Орозбек Кутманалиевдин байбичеси жана уул-кыздары менен түшкөн сүрөт 1985-жылы 8-мартта Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган
© Фото / из семейного архива Кутманалиевых

КРдин эл артисти, киноактёр Орозбек Кутманалиевдин байбичеси жана уул-кыздары менен түшкөн сүрөт 1985-жылы 8-мартта Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.

Биринчи катарда оңдон солду көздөй тун уулу Акматбек, кыздары Чынара, Шайыргүл, Айнура, ортодо Марс, кыздары Бактыгүл менен Динара жана четте Касен турат. Экинчи катарда келини Дамира, кызы Мээрим жана аялы Фатима, ортодо кызы Рахат менен баласы Каныбек. Сол жагында Орозбек Кутманалиев эки небересин эки жагына алып отурат жана алардын четинде келини Замира.

Ошол кезеңди белгилүү актёрдун тун уулу Акматбек Орозбеков мындайча эскерет.

"Бул сүрөт биздин үй-бүлөбүз үчүн аябай баалуу. Анткени сүрөттө атам, апам, алардын эки небереси, биздин 11 бир тууган, менин жана Марстын келинчеги түшкөн. Көпчүлүк учурда биздин мындай толук курам менен чогулушубуз кыйын болчу. Жылына жок дегенде бир жолу жалпы сүрөткө түшкөндүктөн кээде фотограф "көбөйүп менин объективиме батпай баратасыңар" деп калчу. Биз дайыма жаңы жыл майрамынан кийин 1-январда, 8-мартта апабызды куттуктап, 10-майда атамдын туулган күнүнө чогулчубуз. Ата-энебиз жайыл дасторкон эле, үйдөн мейман үзүлчү эмес. Атам бизди кичинекей кезде баланча окуу жайда билим ал, тигил жакта иште, жумушка киргизип коёюн деген жок, өз эркибизге коюп чоңойтту. Ошондуктан биз университет, институттарды өзүбүз тандап, көпчүлүгүбүз аз алдыбызча жогорку билимдүү болуп, ар кыл тармакта эмгектенип келебиз. Азыр апам небере, чөбөрө көрүп биздин сый-урматыбызда", — деди Орозбеков.

Ал эми кызы Динара Кутманалиева атасы жөнүндө буларды кошумчалады.

"Кичинекей кезде көп кабаттуу үйдө кошуналарыбыз арызданышчу экен, атам "эми аларды байлап коеюнбу, балдар ойнойт, ары-бери чуркайт" деп койчу экен. Атам өмүр бою күнү-түнү иштеди. Анткени 11 баланы багыш оңой эмес да. Бизди башкалардан кем кылбай кийиндирип, курсагыбызды тойгузуп окутту. Кудайга шүгүр, атабыз бизди өзүнүн эмгеги, үлгү болгон жүрүм-туруму менен чоңойтту. Мамлекет 1982-жылы үй-бүлөбүзгө шаардан беш бөлмөлүү батир берген. Атам дайыма "балдарым менин бакытым, кыргыздын интеллигенциясынын ичинде 11 бала эч кимде жок. Мен ушул жагынан сыймыктанам" деп айтып калчу. Пенсия курагында неберелерин багып, аларды ээрчитип майрам, мааракелерде жүрчү", — деди Кутманалиева.

Орозбек Кутманалиев биринчи никесинен беш, экинчи жубайынан алты балалуу болгон. Байбичеси менен 35 жыл чогуу жашаган түгөйлөр алты кыз, беш уулду тарбиялап, 40ка жакын небере көрүшкөн.

234
Белгилер:
Орозбек Кутманалиев, үй-бүлө, таберик сүрөт
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (161)
Тема боюнча
Жусуп Мамай, Айтматов, Баекова, Жакиев. "Манас" мааракесинен таберик сүрөт
Өкмөт үйүнүн алдындагы комбайн, тракторлор. Фрунзедеги таберик сүрөт
"Уулдуу болуп" сүйүнгөн Рыскулов менен Турсунбаева. Баткендеги таберик сүрөт

Алия Шагиеванын атасына арнаган эмгектери. Аянттагы акциянын видеосу

8
"Ала-Тоо" аянтында "Ветер перемен" аталышындагы акция өттү. Аны мурдагы президенттин кызы Алия Шагиева уюштурду.

Акция саясий репрессияга каршы багытталып, Алмазбек Атамбаевдин 65 жылдыгына арналды. Шагиева көргөзмөгө бир нече картиналарын жана тематикалык инсталляцияларды алып чыкты. Жасаган эмгектерин Айкөл Манастын эстелигинин алдына койгон.

Иш-чарага Атамбаевдин үй-бүлөсү жана үзөңгүлөштөрү катышты.

Атамбаев эки жылдан бери абакта отурат. Ден соолугу начарлаганына байланыштуу учурда №47 колонияда кармалууда.

8
Белгилер:
Алия Шагиева, акция, көргөзмө, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы
Тема боюнча
Алия Шагиева атасы Алмаз Атамбаевге арнап аянтта акция уюштурду. Сүрөт
Акыйкатчы Токон Мамытов абакта жаткан Алмазбек Атамбаев менен жолукту
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт

Жапаров Тажикстандан түз эле Ошко келди