ИИМ Бишкекте сууга аккан 10 жашар кызды куткаргандарды сыйлады. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МВДНаграждение спасших тонущую девочку в Бишкеке
Награждение спасших тонущую девочку в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Жазылуу
Бир жума мурун Аламүдүн-1 кичирайонунан ИИМ академиясынын курсанттары, кызматкери жана жөнөкөй жаран сууга агып бара жаткан өспүрүм кызды куткарып калышкан.
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. ИИМ академиясы министрликтин атынан Бишкекте шар аккан сууга түшүп кеткен 10 жаштагы кызды куткарган кызматкерлери менен калаа тургунуна сыйлык тапшырды. Бул тууралуу аталган мекеме кабарлады.
Бишкек мэриясы сууга аккан кызды куткарган Залкарбек Сулаймановду сыйлады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Бишкек мэриясы сууга аккан кичинекей кызды куткарган тургунду сыйлады. Сүрөт
Эске сала кетсек, 10-июнь күнү Аламүдүн-1 кичирайонундагы Валиханов көчөсүндө ИИМ академиясынын курсанттары, кызматкери жана жөнөкөй жаран сууга агып бара жаткан өспүрүм кызды куткарып калышкан.
ИИМ башчысынын буйругу менен шаар тургуну Залкарбек Сулайманов министрликтин академиясынын кызматкери, милициянын прапорщиги Мелис Осеков "Кыргыз милициясына 95 жыл" юбилейлик медалы, ал эми академиянын курсанттары Бекбол Молдосанов, Марсель Тынчтык уулу жана Байсеит Акматов Ардак грамота менен сыйланышты.
"Академиянын начальнигинин орун басары Ильяс Касымбаев сыйлыктарды тапшырып жатып алар оор жана кооптуу абалда чыныгы жигиттик сапаттарын көрсөткөнүн белгиледи. Кайдыгер эмес жарандын жана милиция кызматкеринин, курсанттардын ыкчам аракети менен мектеп окуучусу аман калганын айтып, ыраазычылык билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Кызды аман алып калгандардын арасындагы жөнөкөй тургун Залкарбек Сулаймановго Бишкек мэриясы да ыраазычылык билдирген. ИИМ жабыркаган кызга жардам керек экенин унаа айдап баратып көрүп калганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0