Бишкекте коменданттык саат жарыяланабы? Мэриянын жообу

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVБишкекте коменданттык саат учурунда жоокер унааны токтотуп жатат. Архив
Бишкекте коменданттык саат учурунда жоокер унааны токтотуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Жазылуу
Буга чейин шаар мэриясы Бишкектеги түнкү клуб, кафе, ресторан, караоке, бар сыяктуу көңүл ачуучу жайларын саат 23.00гө чейин гана иштетүү чечимин кабыл алган.
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бишкекке коменданттык саат жарыялоо маселеси көтөрүлгөн жок. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Өткөн суткада өлкөдө 784 кишиден коронавирус табылды
Мозгачева буга чейин түшүндүргөндөй, шаар жетекчилиги мындай чечим кабыл аларда көпчүлүк адамдар көңүл ачуу жайларына түндө барарын эске алган.
Белгилей кетсек, Бишкекте коронавирус инфекциясынын жайылганына байланыштуу коменданттык саат 2020-жылдын жаз мезгилинде киргизилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0