"Э" дебе мага!" Депутаттар Кемелов менен Мурашев мушташып кете жаздады. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин жыйын залы. Архив
Жогорку Кеңештин жыйын залы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Жазылуу
Эл өкүлү Нурбек Мурашев кесиптешин убакытты үнөмдөп, оюн кыскартууга чакырды. Бирок Кемелов пикирин толук айтышы керектигин белгиледи.
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Кемелов менен Нурбек Мурашев агрардык саясат жана суу ресурстары боюнча комитеттин жыйынында аз жерден мушташып кете жаздады.
Кемелов министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго кайрылганы жатканда депутат Мурашев кесиптешине регламентти сактап, оюн кыскартып айтууга чакырды.
Андан соң диалог төмөнкүчө уланды:
Мурашев: — түшүнүп жатабыз, өтө катуу айтып жатасыз. Бирок башкалар дагы күтүп калды, аларды да сыйлаңыз да.
Кемелов: — мен күйүп айтып жатам. Башкаларды сыйлаганым үчүн 2-3 сааттан бери отурам, күтүп. Сыйлабасам басып кетет элем да.
Мурашев: — тезирээк сүйлөңүз эми, болуңуз.
Кемелов: — адвокат болбой коё тургулачы.
Мурашев: — э, мен эч кимге адвокат эмесмин. Сиз тездетиңиз, башка маселелер дагы бар.
Кемелов: — "э" дебесең мага. Эмне "э" деп атасың мага?! Менин жакшынакай аты-жөнүм бар.
Ызаланган эл өкүлү Кемелов ордунан туруп Мурашевди көздөй басты. Бирок кесиптештери мушташ чыгып кетишине жол берген жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0