Бишкекке "Спутник V" вакцинасынын 80 миң дозасы алып келинди

© Sputnik / Эркин СадыковБишкекке "Спутник V" вакцинасынын кезектеги партиясы алып келинди
Бишкекке Спутник V вакцинасынын кезектеги партиясы алып келинди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Жазылуу
Жүк "Манас" аэропортуна жеткирилди. Аны Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү тосуп алды. Буга чейин министр препараттын кезектеги партиясы келерин кабарлаган.
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бишкекке "Спутник V" вакцинасынын кезектеги партиясы алып келинди.
Препараттар "Манас" аэропортуна түшүрүлдү. Жүктү Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү тосуп алды.
Бишкекте коменданттык саат учурунда жоокер унааны токтотуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Бишкекте коменданттык саат жарыяланабы? Мэриянын жообу
Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасынын экинчи партиясы алып келинерин буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кабарлаган. Анын айтымында, вакцинанын бир бөлүгү гумжардам катары берилсе, бир бөлүгү сатып алынат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов дагы жакынкы аралыкта Кытайдын Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы, "Спутник V" препаратынын 80 миң дозасы алынарын айткан болчу.
Кыргызстанга апрель жана май айларында россиялык вакцина алып келинген. Анын саны чектелүү болгондуктан 65 жаштан жогорку курактагылар менен өнөкөт оорусу барларга колдонулган.
Жаңылыктар түрмөгү
0