Жума күнүнө карата аба ырайы

© AFP / CHRISTOF STACHEКүн караманын жалбырагынан жаан тамчылап жатат. Архив
Күн караманын жалбырагынан жаан тамчылап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Жазылуу
18-июнга караган түнү өлкөнүн көп аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Жума күнү күндүз республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +29…+34, Талас өрөөнүндө +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +30…+35, Ысык-Көлдө +18…+23, Нарын чөлкөмүндө +15…+20 градуска жетет.
Күндүн табы Бишкекте +32…+34, Ош шаарында +33…+35, Чолпон-Атада +19…+21 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0