Аллерголог өсүмдүктөрдүн чаңы тарай баштаган кезде коргонуунун жолун айтты

© Фото / Pexels / Engin AkyurtБет капчан кыз колунда гүл кармап турат. Иллюстративдик сүрөт
Бет капчан кыз колунда гүл кармап турат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Жазылуу
Адис үйдө аллергиясы бар адам болсо күндүз терезелерди ачпай эле коюуну сунуштаган. Сыртка чыгарда бет кап, көз айнек тагынууну да эскерткен.
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Аллерголог-иммунолог, Россиянын медицина илимдеринин доктору Дали Мачарадзенин гүлдүн чаңчаларына аллергиясы барларга берген пайдалуу кеңештерин "Известия" басылмасы жазды.
Адистин айтымында, июнда бактан учкан чаң күчтүү аллергенге кирбейт. Ал дем алуу органдарынын былжырын дүүлүктүрөт.
"Үйдө болсоңуз күндүз терезелерди жаап коюңуз. Бөлмөнү кечинде же жаандан кийин желдетиңиз. Анткени бул учурда бүрлөр өтө аз болот. Көчөгө ысыкта, түшкү саат 12ден кийин чыкпай эле койгонуңуз дурус. Сейилдеп жүргөндө бет кап, көз айнек тагынып алыңыз. Бул жок дегенде организмге аллергендин киришине жолтоо болот. Ошондой эле чачты да жабыш керек. Анткени чачка чаң жабышып калат. Сыртка чыгарда мурунга аллергияга каршы дары тамызып, дары ичип алыңыз", — деди Мачарадзе.
Дарыгер аллергияны дарылоонун натыйжалуу ыкмасы катары аллерген-спецификалык иммундук терапияны (АСИТ) сунуштады. Мында организмге адам эмнеге аллергиясы бар болсо, ошонун чаңчасынын дозасы куюлат. Терапияны бактар гүлдөп баштаганга чейин 3-4 ай мурда баштап, гүлдөп бүткөнгө чейин жасоо зарыл.
Жаңылыктар түрмөгү
0