Өткөн суткада 653 киши COVID-19 жуктуруп, 4 бейтап акка моюн сунду

© REUTERS / LUISA GONZALEZCOVID-19 менен ооруган кишиге жардам берген медициналык кызматкер. Архив
COVID-19 менен ооруган кишиге жардам берген медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Жазылуу
Кечээтен бери Бишкекте дарттан төрт адам көз жумган. Анын үчөө Бишкек шаарынын, бири Ош шаарынын тургуну экени белгилүү болду. Илдет жалпысынан 1 920 адамдын өмүрүн алды.
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда жалпы 653 кишиден коронавирус табылып, 372 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 269;
  • Ош шаары – 73;
  • Чүй облусу – 116;
  • Ош облусу – 74;
  • Талас облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 15;
  • Жалал-Абад облусу – 69;
  • Баткен облусу – 32.
Ушуну менен өлкөдө оору илештиргендердин жалпы саны 113 430га жетти. Анын ичинен 104 302 бейтап дартты жеңген.
Айыккандар:
  • Бишкек шаары – 215;
  • Ош шаары – 18;
  • Чүй облусу – 59;
  • Ош облусу – 25;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 8;
  • Ысык-Көл облусу – 14;
  • Жалал-Абад облусу – 18;
  • Баткен облусу – 14.
Тилекке каршы, кечээтен бери Бишкекте дарттан төрт адам көз жумган. Анын үчөө Бишкек шаарынын, бири Ош шаарынын тургуну экени белгилүү болду. Илдет жалпысынан 1 920 адамдын өмүрүн алды.
Азыркы тапта 2 206 бейтап стационарда дарыланып жатат. Анын ичинен 618 бейтаптын абалы оор болсо, 95 киши өтө оор абалда. Бир сутка ичинде 20 медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0