Мамлекет башчы Садыр Жапаров Ат-Башы районунун эли менен жолугушуу учурунда

Кеңешкени келдим… Жапаров Ат-Башы элине логистикалык борбор тууралуу айтып берди

555
(жаңыланган 18:27 18.06.2021)
Президент соода-логистикалык борбордун курулушу менен 30 миңге жакын жаңы жумуш ордун түзүү мүмкүнчүлүгү жараларын айтты.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Ат-Башы районунун эли менен жолугуп, аймакка соода-логистикалык борбор куруу боюнча маселени талкуулады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

  • Президент Кыргызстана Садыр Жапаров во время встречи с жителями Ат-Башинского района в рамках рабочей поездки в Нарынскую область
    Мамлекет башчы Садыр Жапаров Ат-Башы районунун эли менен жолугуп, аймакка соода-логистикалык борбор куруу боюнча маселени талкуулады
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызстана Садыр Жапаров во время встречи с жителями Ат-Башинского района в рамках рабочей поездки в Нарынскую область
    Жапаров долбоорду ишке ашырууга ар кайсы өлкөлөрдүн инвесторлору каражат салууга даярдыгын жана бул жерде көптөгөн товарларды чыгара турган өнөр жай, текстиль жана башка ишканалар ачыларын белгилеген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Жители Ат-Башинского района на встрече с президентом КР Садыром Жапаровым, находящимся с рабочей поездкой в Нарынской области
    Ал ошондой эле соода-логистикалык борбордун курулушу менен 30 миңге чейин жаңы жумуш ордун түзүү мүмкүнчүлүгү жаралып, бул учурда дотациядагы аймак болуп саналган Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң өбөлгө түзөрүн кошумчалаган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызстана Садыр Жапаров во время встречи с жителями Ат-Башинского района в рамках рабочей поездки в Нарынскую область
    Ал эми район тургундары жер бөлүп берүү маселесин өз убагында чече албаган жергиликтүү бийликтин натыйжасыз ишинен улам буга чейин аталган долбоорду ишке ашырууга каршы чыгып келишкенин белгилешкен
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Жители Ат-Башинского района на встрече с президентом КР Садыром Жапаровым, находящимся с рабочей поездкой в Нарынской области
    Жергиликтүү эл жалпысынан индустриалдык соода-логистикалык борбордун курулушун колдой турганын билдирип, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын айтышкан.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 5
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Ат-Башы районунун эли менен жолугуп, аймакка соода-логистикалык борбор куруу боюнча маселени талкуулады

Жапаров долбоорду ишке ашырууга ар кайсы өлкөлөрдүн инвесторлору каражат салууга даярдыгын жана бул жерде көптөгөн товарларды чыгара турган өнөр жай, текстиль жана башка ишканалар ачыларын белгилеген.

"Инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдө биринчи кезекте жергиликтүү элдин пикири эске алынат. Мына ошондуктан сиздер менен кеңешкени келдим. Эгер таптакыр эле каршы чыга турган болсоңуздар анда соода-логистикалык борборду башка аймакка куруу маселеси каралышы мүмкүн", — деген президент.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Торугарт көзөмөл-өткөрмө пунктунун иши менен таанышуу учурунда
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ал ошондой эле соода-логистикалык борбордун курулушу менен 30 миңге чейин жаңы жумуш ордун түзүү мүмкүнчүлүгү жаралып, бул учурда дотациядагы аймак болуп саналган Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң өбөлгө түзөрүн кошумчалаган.

Ал эми район тургундары жер бөлүп берүү маселесин өз убагында чече албаган жергиликтүү бийликтин натыйжасыз ишинен улам буга чейин аталган долбоорду ишке ашырууга каршы чыгып келишкенин белгилешкен. Жергиликтүү эл жалпысынан индустриалдык соода-логистикалык борбордун курулушун колдой турганын билдирип, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын айтышкан.

555
Белгилер:
Кыргызстан, Ат-Башы, логистикалык борбор
Тема боюнча
Жапаров Балыкчы — Барскоон жолунун курулушун баштоону тапшырды
Башкы прокуратура. Архив

Башкы прокуратура Жээнбеков менен Зулпукаров канткенде абактан чыгарын айтты  

118
(жаңыланган 22:26 07.12.2021)
Башкы көзөмөл органы мындан аркы кадамдар парламенттин чыгарган чечимине жараша болорун белгилеп жатат.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакыт Жетигеновду жоопко тартуу сунушу тууралуу түшүндүрмө берди.

Башкы көзөмөл органынын маалыматына ылайык, парламент макулдук берген учурда аталган депутаттар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ал эми макулдук берүүдөн баш тартса, алардын камактан бошотулушуна негиз болот. Депутаттык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин иш өндүрүштөн убактылуу токтотулат.

“Жогорку Кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында башкы прокурордун сунуштамаларын карап, добуш берүү жолу менен депутаттарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү же баш тартуу чечимин кабыл алат. Демек, кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим Жогорку Кеңештин корутундусунун негизинде каралат”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ноябрдын аягында башкы прокурор Курманкул Зулушев үч эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган.

Натыйжада анын сунуштамасын кароо үчүн жети депутаттан турган комиссия түзүлдү.

Жээнбеков менен Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.

Ал эми Бакыт Жетигенов бийликти басып алууга белсенген деген шек менен шайлоонун алдында кармалган.

118
Белгилер:
Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Башкы прокуратура, чечим, абак
Тема боюнча
Абакта отурган Жээнбеков менен Зулпукаровдун кандай байлыгы бар
ПЦР-тест тапшырып жаткан адам. Архив

Россия ПЦР-тесттин жарактуу мөөнөтүн кыскартты. Кыргызстандыктарга таасир этеби? 

77
(жаңыланган 21:48 07.12.2021)
Мындай чечим коронавирустун өтө жугуштуу "омикрон" штаммы жайылып жатканына байланыштуу кабыл алынган.  

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Россияда коронавируска каршы тапшырылган ПЦР-тесттин жарактуу мөөнөтү 72 сааттан 48 саатка чейин кыскартылды. Бул тууралуу РИА Новости Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Поповага таянуу менен билдирди.

Мындай чечим коронавирустун өтө жугуштуу "омикрон" штаммы жайылып жатканына байланыштуу кабыл алынган.  

Ошондой эле Попова Россияда колдонулуп жаткан ПЦР-тесттердин баары "омикрон" штаммын жугузгандарды дагы аныктай аларын белгилеген.

Эскерте кетсек, учурда Россияга бара жаткан кыргызстандыктар милдеттүү түрдө 72 сааттан кечиктирбей ПЦР-тест тапшырып, терс жыйынтыгын көрсөткөн сертификат менен кетишет. Демек, изилдөөнүн жыйынтыгынын жарактуу мөөнөтү дагы 24 саатка кыскарат.

77
Белгилер:
ПЦР-тест, Россия, кыскартуу, 'омикрон' штаммы
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
"Спутник V" вакцинасы "омикрондон" канчалык коргой аларын дарыгер айтып берди
Казакстан өлкөгө кирүү эрежесин катаалдаштырып, чектөө киргизет
АКШ долларлары. Архив

Улуттук банк бүгүн 71,3 млн. доллар сатып, дагы бир рекорд жаратты    

0
(жаңыланган 22:34 07.12.2021)
Мурунку рекорд эки жума мурун катталган. Анда башкы финансылык ведомство 70,3 миллион долларлык интервенция жасаган.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Улуттук банк бүгүн, 7-декабрда, валюта рыногуна 71,3 миллион доллар сатты. 

Бул 2010-жылдан бери жүргүзүлгөн эң ири интервенция (андан мурунку жылдарга карата маалымат ачык булактарда жок).

Буга чейинки рекорддук көрсөткүч 23-ноябрда катталып, 70,3 миллион доллар сатылган болчу.

Ушуну менен быйылкы жылдын эсебинен 14 жолу интервенция жасалды. Бул аралыкта сатылган доллардын суммасы 633 миллионго жетти. Улуттук банк 24-ноябрда накталай түрүндө дагы 38 миллион доллар саткан.

0
Белгилер:
Улуттук банк, интервенция, доллар, сатуу
Тема боюнча
Улуттук банк ноябрда сомдун курсун кармап туруш үчүн канча акча коротту
Президент салыктан бошоткон ишканаларга беш талап койду. Тизме