Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынын кызматкерлери студенттерден пара алганы аныкталды

Үй алам деп сүйүнүп отургам… Студенттерден пара алган аялдын видеосу жарыяланды

28740
(жаңыланган 19:21 18.06.2021)
Видеодон аял киши студенттерден доллар менен пара алып жатканын көрүүгө болот. Ал ар бир студенттен 100 доллардан алса 60 миң табарын санап отурганын айткан.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынын кызматкерлери студенттерден пара алганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришип, жашыруун тартылган видеону жарыялады.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси боюнча ("Пара алуу") сотко чейинки өндүрүштүн алкагында текшерүү иштерин жүргүзгөн. Натыйжада айрым кызмат адамдары пара алууга катыштыгы бар экени аныкталган. Кадрдан аял ар бир студенттен 100 доллардан алса 60 миң доллар таап, үй аларын айтып жатканын угууга болот.

"Университеттин жетекчилиги окутуучулар менен биргеликте экзамендик сессияга жана мамлекеттик экзамендерге кирүүгө уруксат алуу үчүн чет элдик студенттерден пара алган схема түзүп алышкан", — деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

28740
Белгилер:
Ош, Университет, мугалим, студент, пара
Тема боюнча
УКМК пара алмакчы болгон милиция кызматкерин колго түшүрдү
Аткаминерлер. Архив

Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу өзүнө кеңешчи жана аппарат башчысын дайындады

3
(жаңыланган 21:14 04.08.2021)
Жаңы дайындалган аппарат жетекчи буга чейин өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору болуп иштеген.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болуп, эки кызматка жаңы адамдар келди.

Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, Мырзабек Жыпаркулов борбордук аппараттын жетекчиси болуп дайындалды. Буга чейин ал өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору болуп иштеген. Аппараттын жаңы башчысы Талас облусунун тургуну.

Директор Государственной инспекции по экологической и технической безопасности при Правительстве Кыргызской Республики (ГИЭТБ) Мырзабек Жыпаркулов во время визита к президенту. 12 июня 2020 года
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, Мырзабек Жыпаркулов борбордук аппараттын жетекчиси болуп дайындалды

Ал эми Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси болуп Азамат Абсаттаров дайындалды. Буга чейин ал Ош шаарынын мэринин маалымат катчысы эле.

Тиешелүү буйруктарга борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов кол койгон.

3
Белгилер:
Бишкек, мэр, кеңешчи, аппарат, жетекчи
Жаан жаап жаткан учурда. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

3
5-августтан 8-августка чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда өзгөрүлмөлүү аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстанда күн эртең 37 градуска чейин ысыйт. Ал эми бейшембиге караган түнү жаан-чачын жаабайт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бейшембиге караган түнү жаан-чачын болбойт, ал эми күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Абанын температурасы Чүй облусунда +31...+36, Таласта +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +32...+37, Ысык-Көлдө +24...+29, Нарын өрөөнүндө +22...+27 градус ысыйт.

Борбор калаада жаан-чачын жаабайт. Термометр Бишкекте +33...+35, Ош шаарында +35...+37, Чолпон-Атада +24...+26 градусту көрсөтүп турат.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

3
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан, август
Тема боюнча
Балыкчы — Барскоон жолун оңдоо башталды. Аны "Кумтөр" компаниясы каржылайт
Күн салкындайбы? Бир жумага карата аба ырайы