Жолдогу "кыйындар" менен кантип сүйлөшүү керек. Айдоочуларга кеңеш

© Sputnik / Александр Кожохин / Медиабанкка өтүүТыгында турган унаалар. Архив
Тыгында турган унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2021
Жазылуу
Адистин айтымында, көпчүлүк учурда өзү ката кетирип алган адам чыр чыгарганга аракет кылат. Мында жол эрежесин бузуу фактысы экинчи планга өтүп кетип, айдоочулар өз ара "ким кыйын экенин" далилдөөгө аракет кыла башташат.
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Жайдын күнү көпчүлүк автоунаасын айдап чыгып, мындан улам жолдо пикир келишпестиктер дагы арбыйт. Мындай кырдаалдан баш оорутпай чыгып кетүү жолдорун Sputnik радиосунун эфиринде автоюрист Сергей Радько айтып берди.
"Жайында көпчүлүк эс алууга, конокторго, башка шаарларга каттап, жолдо кыймыл көбөйөт, жол тыгыны пайда болот. Мындайда кыжырланган айдоочулар тормозду чукул тээп, башкалардын жолун кесип же себепсиз сигнал баскылай башташат. Мындан улам пикир келишпестиктер жаралат. Адатта мындай учурда эки тарап тең күнөөлүү. Андыктан эч качан паникага алдырбаш керек", — деди юрист.
Адистин айтымында, көпчүлүк учурда өзү ката кетирип алган адам чыр чыгарганга аракет кылат.
Жолдо бараткан унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Айып кагазын кайсы учурда жокко чыгарса болот? Айдоочулар үчүн пайдалуу маек
"Туура эмес бурулганы же дагы башка катасы байкалбай калыш үчүн көпчүлүк учурда күнөөкөр тарап чыр чыгарат. Мында жол эрежесин бузуу фактысы экинчи планга өтүп кетип, айдоочулар өз ара "ким кыйын экенин" далилдөөгө аракет кыла башташат. Ошол себептүү жолдо ар дайым эмоцияны, шашмалыкты токтотуп, акыл менен иш кылуу керек. Жолдогу конфликт адатта өтө көп убакытты, каражатты жана нервди алат", — деди Радько.
Сөзүнүн аягында юрист жолдогу "башкалардын ою менен эсептешпеген айдоочуга" сөз коротуп, айтышып отурбай, туура эмес кылган учурда сигналды басып коюу эле жетиштүү экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0