Бишкекте ишканаларга кызматкерлердин жарымын аралыктан иштетүү сунушталды

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүОфис. Архив
Офис. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2021
Жазылуу
Биринчи кезекте тобокелдик тобуна кирген кызматкерлерди үйдөн иштөөгө жиберүү каралышы керектиги айтылат.
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Коронавируска байланыштуу абал курчуп бара жаткандыгына байланыштуу Бишкек мэриясы менчигинин формасына карабай ишканаларды кызматкерлеринин 50 пайызын аралыктан иштөөгө өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
Биринчи кезекте тобокелдик тобуна кирген кызматкерлерди үйдөн иштөөгө жиберүү каралышы керектиги айтылат.
“Булар жашы 60тан өткөндөр, өнөкөт оорулары барлар, иммунитети төмөн адамдар, кош бойлуулар жана дарыланып жаткандар. Бирок бул эреженин шаардын жашоо-турмушунда маанилүү роль ойногон мекемелерге тиешеси жок”, — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны өсүп бара жатат. Бишкек шаары бир нече айдан бери “кызыл” зонада турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0