Сабиздин баасы: "Сары-Өзөн" жана "Орто-Сай" базарында түшүндүрүү иштери жүрдү

© Фото / пресс-служба Государственного агентства антимонопольного регулированияКыргызстанда сабиздин баасынын асмандап өсүп кетишине байланышуу "Сары Өзөн" жана "Орто-Сай" базарларында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Кыргызстанда сабиздин баасынын асмандап өсүп кетишине байланышуу Сары Өзөн жана Орто-Сай базарларында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2021
Жазылуу
Монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттиги жакынкы убакта жаңы түшүм жыйналып, баанын турукташышына жардам берерин айтты.
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстанда сабиздин баасынын асмандап өсүп кетишине байланышуу "Сары Өзөн" жана "Орто-Сай" базарларында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттиги билдирди.
Бүгүн агенттиктин жетекчилиги жана Чүй менен Бишкектеги бөлүмдүн кызматкерлери базар кыдырышкан.
"Анын алкагында сабиз, картошка жана башка жашылчалардын наркынын жогорулашын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жакында баа турукташат. Жаңы түшүм аларыбызга аз калды", — деп айтылат маалыматта.
Мындай иштер жыл сайын жүргүзүлүп келери кошумчаланды.
Эске сала кетсек, акыркы күндөрү сабиздин баасы 100 сомдон, кээ бир жерлерде андан кымбат сатылууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0