Үйдү электр кубаты менен жылытууга тыюу салындыбы? “Түндүк электрдин” жообу

© AFP / BORYANA KATSAROVAРодильный дом в Софии
Родильный дом в Софии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2021
Жазылуу
“Түндүк электр” ишканасы Sputnik агенттигине эскертүү квитанциялары чындап эле айрым абоненттерге берилгенин тастыктады.
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Социалдык тармактын колдонуучулары аларга кышында үйдү электр кубаты менен жылытууга болбой турганын эскерткен квитанция келгенин айтып, бул боюнча жазылган кагаздын сүрөтүн чыгарышууда.
Анда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү кескин азайып кеткенине байланыштуу жылытуу сезонунда электр кубаты менен иштеген жылыткычтарды колдонууга тыюу салынары жазылган. Ошондой эле мындай эрежеге баш ийбегендерге жеке лимит коюлары эскертилген.
“Түндүк электр” ишканасы Sputnik агенттигине мындай квитанциялар чындап эле айрым абоненттерге берилгенин тастыктады.
“Кышкы-күзгү сезондо электр энергиясынын дефицити жаралса аргасыздан ушундай чара көрүлөт. Мындай аракеттер Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу электр кубатынын дефицити жаралып калышы мүмкүн болуп жаткандыгына байланыштуу жасалууда. Ошол эле учурда энергетиктер жарык өчүп калбашы үчүн бардык күч аракетин жумшашууда”, — дешти “Түндүк электр” ишканасынан.
Алар ошондой эле мындай чектөө электр энергиясынын үч фазалуу системасы кошулган абоненттерге тийиштүү экенин кошумчалашты.
Жаңылыктар түрмөгү
0