100дөн ашык кишинин абалы өтө оор. COVID-19 боюнча статистика

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2021
Жазылуу
Өлкөдө жалпысынан 2 403 киши стационарда дарыланып жатат. Анын ичинен 712 бейтаптын абалы оор болсо, 101 адамдын абалы өтө оор деп бааланды.
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 585 кишиден аныкталып, 360 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 353;
  • Ош шаары – 54;
  • Чүй облусу – 9;
  • Ош облусу – 19;
  • Талас облусу – 9;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 22;
  • Жалал-Абад облусу – 80;
  • Баткен облусу – 35.
Ушуну менен өлкөдө оору аныкталгандардын саны 115 615ке жетип, анын ичинен 105 410 киши дартты жеңген.
Айыккандар:
  • Бишкек шаары – 170;
  • Ош шаары – 33;
  • Чүй облусу – 70;
  • Ош облусу – 30;
  • Талас облусу – 5;
  • Нарын облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 14;
  • Жалал-Абад облусу – 23;
  • Баткен облусу – 9.
Акыркы суткада COVID-19 алты адамдын өмүрүн алган. Анын ичинен төрт бейтап Бишкекте, бирөө Ысык-Көлдө, дагы бири Ош облусунда каза тапкан. Жалпысынан өлкө боюнча вирустан каза болгондордун саны 1 937ге жетти.
Өлкөдө жалпысынан 2 403 кишинин стационарда дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 712 бейтаптын абалы оор болсо, 101 адамдын абалы өтө оор деп бааланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0