Бабанов абакта машыгып жатабы? УКМК интернетте тараган видео боюнча жооп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов. Архив
Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2021
Жазылуу
УКМК убактылуу кармоочу жай режимдик объект болуп саналгандыктан, анын ичинен сүрөт, видео тартууга болбой турганын айтты.
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. УКМК Өмүрбек Бабанов атайын кызматтын абагында спорт менен машыгып жатат деген маалыматты төгүндөдү.
Жакында эле соцтармакка Бабановдун машыгып жаткан видеосу тараган. Кадрдан саясатчынын спорт залда экенин, артында атайын машыгуу үчүн жабдуулар турганын көрүүгө болот.
"Убактылуу кармоочу жай режимдик объект болуп саналат. Анын ичинде сүрөт, видео тартууга болбойт. Тараган видео материал фейк", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов Кумтөр боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалып, 2-июнь күнү эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0