Президент Садыр Жапаров бир катар аскер кызматкерлерин сыйлады

Эрдигиңер үлгү болсун! Садыр Жапаров аскер кызматкерлерине сыйлык тапшырды

146
(жаңыланган 14:56 21.06.2021)
Президент жарандарды бир максатты көздөп, биргеликте иш алып барууга чакырып, кыргызстандыктар бардык кыйынчылыктарды ынтымак менен гана жеңе аларын белгиледи.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-июнда, аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөткөн эрдиги менен каармандыгы үчүн бир катар аскер кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

  • Президент Садыр Жапаров сегодня вручил государственные награды ряду военнослужащих за мужество и отвагу, проявленные при исполнении воинского и служебного долга. 21 июня 2021 года
    Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-июнда, аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөткөн эрдиги менен каармандыгы үчүн бир катар аскер кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент КР сегодня вручил государственные награды ряду военнослужащих за мужество и отвагу, проявленные при исполнении воинского и служебного долга. 21 июня 2021 года
    Жапаров эл-жерге кызмат кылуу — кандайдыр-бир сыйлыкка умтулуу эмес, өз өмүрүн, топтогон тажрыйбасын, болгон билимин мекенге арнап, өлкөнүн өнүгүүсүнө салымын кошуу дегенди билдирерин баса белгиледи
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Садыр Жапаров сегодня вручил государственные награды ряду военнослужащих за мужество и отвагу, проявленные при исполнении воинского и служебного долга. 21 июня 2021 года
    Ал ошондой эле ар бир жаранды бир максатты көздөп, биргеликте иш алып барууга чакырып, кыргызстандыктар учурдагы бардык кыйынчылыктарды ынтымак менен гана жеңип чыга аларын белгиледи
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 3
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-июнда, аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөткөн эрдиги менен каармандыгы үчүн бир катар аскер кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Жапаров эл-жерге кызмат кылуу — кандайдыр бир сыйлыкка умтулуу эмес, өз өмүрүн, топтогон тажрыйбасын, болгон билимин мекенге арнап, өлкөнүн өнүгүүсүнө салымын кошуу дегенди билдирерин баса белгиледи.

"Айкөл Манас баштаган ата-бабаларыбыздан берки баатырлардын тизмесинин аягы бүтпөйт. Ал эми бүгүнкү ата мекенди коргоочулар өлкө үчүн жан аябай кызмат кылууга даяр. Кынтыксыз кызматыңар, кызматтык жана аскердик милдеттерди өтөөдөгү эрдигиңер келечек муунга үлгү болсун!" — деди президент.

Ал ошондой эле ар бир жаранды бир максатты көздөп, биргеликте иш алып барууга чакырып, кыргызстандыктар учурдагы бардык кыйынчылыктарды ынтымак менен гана жеңип чыга аларын белгиледи.

146
Белгилер:
Кыргызстан, Садыр Жапаров, Аскер, сыйлык
Тема боюнча
Путиндин өкүлү Козак Бишкекке келип, Жапаровдун кабыл алуусунда болду
Жапаров Нарын шаарынын тургундарына жолугуп, көйгөйлөрүн укту. Сүрөт
Жаратылыш. Архив

Жекшембиге карата аба ырайы

119
Жекшембиге караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. 17-октябрда дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөнүндө +20...+25, Ысык-Көлдө +12...+17, Нарын жергесинде +14...+19 градуска чейин көтөрүлөт.

Борбор калаада күндүн табы +18...+20, ал эми Ош шаарында +23...+25 градус болору болжолдонду.

119
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Электр энергиясы менен жылуулукка канча төлөйбүз? Күчүнө кирген жаңы тарифтер

Кыргызстандагы алдыңкы 10 жолтандабас менен кроссовердин баасы кандай өзгөрдү

148
(жаңыланган 20:01 16.10.2021)
Ар апта сайын Sputnik Кыргызстан колдон алынган автоунаалардын баасы тууралуу маалымат берет. Бул жолкусунда эл оозундагы жолтандабас менен кроссоверлердин наркына баам салдык.
Өлкөдөгү өтүмдүү жол тандабас  менен кроссоверлердин баасы

Өтүмдүү автоунаалардын алдыңкы ондугуна төмөнкүлөр кирди:

  • Lexus GX 470;
  • Honda CR-V;
  • Toyota RAV4;
  • Lexus RX 350;
  • Volkswagen Touareg;
  • Subaru Forester;
  • Toyota Landcruiser;
  • Kia Sportage;
  • Hyundai Santa Fe.

Инфографикада жылы жаңы автоунаалардын баасы көрсөтүлдү. Биз сатуучулар сураган баанын орточо ченин беребиз. Демек, баа дал ушундай деп айтууга болбойт.

Тизмедеги автолордун басымдуу бөлүгү орточо 200-1500 долларга кымбаттаган. Бул Lexus GX 470, Lexus RX 350, Honda CR-V, Toyota Landcruiser жана башка.

Ал эми Volkswagen Touareg менен Toyota RAV4 орточо 200-500 долларга арзандаган.

148
Белгилер:
автоунаа, базар, баалар, соода
Тема боюнча
Бишкектеги батирлердин сентябрдагы ижара акысы