Ошто мушташтан каза болгон 24 жаштагы жаран УКМКда иштегени белгилүү болду

© Sputnik / Табылды КадырбековУКМКнын эмлбемасы. Архив
УКМКнын эмлбемасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2021
Жазылуу
Буга чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 1997-жылы туулган А.А. аттуу жаран мушташтын кесепетинен каза болгондугун кабарлаган.
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Ош шаарында мушташтын кесепетинен каза болгон 24 жаштагы бала УКМКнын кызматкери болгон. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, маркум УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери болгон.
"Факт боюнча Жазык кодексинин 130-беренесинин 4-бөлүмү ("Бейбаштык менен өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголуп, адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалды", — деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 1997-жылы туулган А.А. аттуу жаран мушташтын кесепетинен каза болгондугун кабарлаган.
Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булак каза болгон жаран УКМКнын кызматкери болгонун билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0