COVID жуктургандарды оорукана кандай шарт менен кабыл алат? Расмий жооп

© AFP / AMANUEL SILESHIМедициналык кызматкер COVID-19 менен ооруган кишинин мониторун текшерип жатат. Архив
Медициналык кызматкер COVID-19 менен ооруган кишинин мониторун текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Жазылуу
Адис ооруканалар бейтапты бош орун болсо жана коронавирустун кандайдыр бир белгиси байкалса эле алууга милдеттүү экенин белгиледи.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Бишкек шаарындагы ооруканалар коронавирус жуктуруп кайрылган бейтаптарды ПЦР-тесттин оң жыйынтыгы жок эле кабыл алышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Нурида Жусупбекова билдирди.
Анын айтымында, буга чейин ооруканалар бейтаптардан сөзсүз ПЦР-тестти сурачу.
"Азыр ал талапты алып салганбыз. Анткени айрым учурда коронавирус аныкталбай эле пневмония табылып жатат. Кээ бир кишилердин абалы тез эле оорлошуп кетип жаткандыктан ПЦР-тесттин жыйынтыгын сурабай калышкан. Коронавирустун белгилери байкалып, ооруканада орун болсо эле ар бир медик бейтапты кабыл алууга милдеттүү", — деди Жусупбекова.
Адис коронавирустун биринчи толкунуна салыштырмалуу азыр ооруканага түшкөн бейтаптардын абалы тез эле оорлошуп кетип жатканын айтып, элди медиктер айткан талаптарды аткарууга чакырды. Ошондой эле өбүшүп учурашуу сыяктуу адаттарды да убактылуу коё турууну суранды.
Жаңылыктар түрмөгү
0