Окумуштуу "индия" штаммынын "куулугун" айтып берди

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер бейтап менен ооруканада
Медициналык кызматкер бейтап менен ооруканада - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Жазылуу
Окумуштуу "Спутник V" вакцинасы калыптандырган антитело бүгүнкү күндөгү бардык штаммдардан сактай аларын белгилеген.
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. "Индия" штаммы жана анын мутациялары абдан коркунучтуу, булар клеткага киргенде антителого өтө туруктуу болуп алат. Мындай маалыматты РИА Новости Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институтунун директору Александр Гинцбургдун айтканына таянып жазды.
"Индия" штаммынын өзү сыяктуу эле анын мутациясы да сөз жок кооптуу. Себеби биздин клеткалар менен башкача аралашып кетет. Тагыраагы, аны бузбай туруп, биринен экинчисине тарайт да көп өзөктүү клеткаларды жаратып, ичине кирип жайгашып алат. Бул канда айланып турган антителого болгон туруктуулукту жаратат. Анын "куулугу" ушунда", — деген окумуштуу.
Гинцбург буга чейин берген маалыматында аталган штамм илдеттин жеңил белгилеринен оор түрүнө тез өтүшү менен кооптуу экендигин айткан. Мунусу менен адамдын организмине өзүнүн антителосун пайда кылган убактысын кыскартарын кошумчалаган.
Окумуштуу "Спутник V" вакцинасы берген антителонун запасы бүгүнкү күндөгү бардык штаммдардан сактоого жетишерин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0