Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Сел, жер көчкү... Өлкөдө 3000ден ашык үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт

© Sputnik / Андрей Александрович / Медиабанкка өтүүБульдозер жер көчкү жүргөн жерде. Архив
Бульдозер жер көчкү жүргөн жерде. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Жазылуу
ӨКМ өкүлү быйыл сел менен жер көчкүнүн түшө турчу убактысы өтүп баратканын, суу аз болгонуна байланыштуу тобокелдиктер да көп болбогонун кошумчалады.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кыргызстанда үч миңден ашык үй-бүлө кооптуу аймактарда жашайт. Бул тууралуу ӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруучу иштер башкармалыгынын жетекчиси Ырыспек Жолдошбаев билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде сүйлөп жатып өлкөдө сел жана жер көчкү жүрө турчу 4 миңден ашык кооптуу аймак бар экенин белгиледи.
© Sputnik / Асель СыдыковаӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруучу иштери башкармалыгынын жетекчиси Ырыспек Жолдошбаев
Начальник управления МЧС Ырыспек Жолдошбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
ӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруучу иштери башкармалыгынын жетекчиси Ырыспек Жолдошбаев
"Ал жактарда 3 миңден ашуун үй-бүлө жашайт, аларга жыл сайын башка жакка көчкүлө деп айтып келебиз", — деди Жолдошбаев.
Адис быйыл сел менен жер көчкүнүн убактысы өтүп баратканын, суу аз болгонуна байланыштуу тобокелдиктер да көп болбогонун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0