Бишкекте жаңы автобустар каттай баштады

Бир апта акысыз ташыйт. Бишкекте жаңы автобустар каттай баштады. Сүрөт

393
(жаңыланган 10:49 22.06.2021)
Бишкектеги жаңы автобустар беш маршрут боюнча бир апта бою белек катары шаардыктарды акысыз ташымай болду.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Бүгүн, 22-июнь күнү, Бишкекте жаңы 50 автобус каттай баштады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

  • 50 новых автобусов марки ISUZU, узбекского производства возле здания мэрии в Бишкеке
    Бүгүн, 22-июнь күнү, Бишкекте жаңы 50 автобус каттай баштады
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • 50 новых автобусов марки ISUZU, узбекского производства возле здания мэрии в Бишкеке
    Өзбекстанда өндүрүлгөн ISUZU үлгүсүндөгү автобустардын узундугу 6,9 метрге жетет
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • 50 новых автобусов марки ISUZU, узбекского производства возле здания мэрии в Бишкеке
    Эки эшиктүү автобуска 38 киши батат, анын ичинде 16сы орундукка отуруп барат
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • 50 новых автобусов марки ISUZU, узбекского производства возле здания мэрии в Бишкеке
    Автобустарды алып келип иштетип жаткан "Эко-пассажирские перевозки" аттуу жеткирүүчү компаниянын маалыматына караганда, жаңы транспорт бир апта бою белек катары шаардыктарды акысыз ташыйт
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • 50 новых автобусов марки ISUZU, узбекского производства возле здания мэрии в Бишкеке
    Эске салсак, муниципалитет Япониянын Isuzu үлгүсүндөгү газ менен жүргөн 350 автобусун алып келип иштетүү үчүн "Эко-пассажирские перевозки" аттуу жеткирүүчү компания менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койгон
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 5
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бүгүн, 22-июнь күнү, Бишкекте жаңы 50 автобус каттай баштады

Өзбекстанда өндүрүлгөн ISUZU үлгүсүндөгү автобустардын узундугу 6,9 метрге жетет. Эки эшиктүү автобуска 38 киши батат, анын ичинде 16сы орундукка отуруп барат.

Алар төмөнкү маршруттар менен каттайт:

  • №10 жана №11 муршруттар — Ак-Ордо (айлампа);
  • №12 маршрут, Маевка айылы — Көк-Жар айылы (айлампа);
  • №13 маршрут, Муромская көчөсү — Кырман жаңы конушу;
  • №14 маршрут, №12 кичи район — Ак-Ордо жаңы кошуну.

Автобустарды алып келип иштетип жаткан "Эко-пассажирские перевозки" аттуу жеткирүүчү компаниянын маалыматына караганда, жаңы транспорт бир апта бою белек катары шаардыктарды акысыз ташыйт.

"Бул автобустар дизель майы менен жүргөндүктөн кыска убакыт ичинде алып келинди. Газ менен жүргөн автобустар шаарга 1-июлга чейин жеткирилет. Бардыгы 350 автобус алып келүү пландалып жатат", — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Эске салсак, муниципалитет Япониянын Isuzu үлгүсүндөгү газ менен жүргөн 350 автобусун алып келип иштетүү үчүн "Эко-пассажирские перевозки" аттуу жеткирүүчү компания менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койгон.

393
Белгилер:
Бишкек мэриясы, автобус, жүргүнчү
Тема боюнча
Мэрия коомдук транспортту дезинфекциялоону күчөтүп, жүргүнчүлөргө кайрылды
Алмурут. Архив

Кишини ток кармайт, оорулардын алдын алат. Адис алмуруттун пайдасын тизмектеди

4
Адистин айтымында, анча чоң эмес алмурутта эле алты граммга жакын клетчатка бар. Бул адамды көпкө чейин ток кармайт жана ашыкча тамак жегенге мүмкүнчүлүк бербейт.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Америкалык диетолог Эми Гудсон алмурут ден соолукка абдан керектүү азык экенин айтып, пайдалуу жактарын санап берди. Анын макаласы Eat This, Not That! порталына жарыяланганын "Известия" жазды.

Гудсондун айтымында, көпчүлүк алмуруттун ордуна алма, ашкабак жейт.

Диетолог алмурут, биринчиден, клетчаткага бай экенин айтты. Ал адамды көпкө чейин ток кармайт жана ашыкча тамак жеп алганга мүмкүнчүлүк бербейт.

Ал белгилегендей, анча чоң эмес алмуруттан эле алты граммга жакын клетчатка чыгат жана анын эриген жана эрибеген эки түрү бар. Ар бири өзүнчө пайдалуу. Биринчиси канда кант менен холестериндин нормасын кармап турат, ошондой эле ичеги-карындын иштешин жакшыртат. Экинчиси организмди уулуу заттардан тазалайт, мындан сырткары, кант диабетинин экинчи тиби сыяктуу оорулардын өөрчүү тобокелдигин азайтат.

Мындан сырткары, алмурут антиоксидантга бай, сезгенүүлөргө каршы жакшы натыйжага ээ, кандагы холестериндин деңгээлин төмөндөтүп, кан басымды жөнгө салат жана кандын уюшун алдын алат.

4
Белгилер:
диетолог, алмурут, клетчатка, организм
Тема боюнча
Диетолог ачкарын эмнелерди жеп-ичкенге болбой турганын айтты
Дарыгер ичеги рагына себепкер боло турган азыкты атады
Сыркоологон кыз. Архив

Сасык тумоолоп жатканда көздү кантип сактоо керек. Офтальмологдун сунушу

8
Дарыгердин айтымында, организм ууланганда, вирус жугузуп алганда же суук тийгенде көздөр абдан кыйналат. Өзгөчө мурун бүтүп, тамак ооруп турганда көздөргө кадимкидей күч келет.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Суук тийгизип алганда же сасык тумоолоп жатканда гаджеттерди көп колдонбой, көздү эс алдырган туура. Ошондой эле нымдоочу каражаттарды тамчылатып туруу керектигин Sputnik радиосунун эфиринде офтальмолог, медицина илимдеринин доценти Ирина Лещенко билдирди.

Дарыгердин айтымында, организм ууланганда, вирус жугузуп алганда же суук тийгенде көздөр абдан кыйналат. Өзгөчө мурун бүтүп, тамак ооруп турганда көздөргө кадимкидей күч келет.

"Кишинин ооруп жатканы сыртынан билинбесе дагы айрымдар карап туруп эле "көзүң жаман", "көзүң анча эмес" деп анын кыйналып турганын билип коюшат эмеспи. Андыктан ооруп жатканда көздү кыйнап, гаджеттерди, өтө жарык нерселерди карабай койгон туура. Ошондой эле көздү нымдап турчу каражаттарды тамчылатуу зарыл", — деди Лещенко.

Ал эми ооруганда көздөрү кызарып кеткен адамдарга кан тамырларын бекемдөө үчүн дарылануу сунушталат. Анткени көз кыйналган учурда алсыз кан тамырлар жарылып кетет.

Сөзүнүн аягында дарыгер көзгө С витамини өтө пайдалуу экенин кошумчалады.

 

8
Белгилер:
сасык тумоо, көз, оору, витамин, дарыгер
Тема боюнча
Көрбөй, укпай каласың! Министрлик тамекинин зыянын эскертти
D витаминди көп ичүүнүн кесепети кандай болорун эндокринолог айтып берди
Начар иммунитеттин алты белгиси. Буларды тоготпой коюуга болбойт