Ысык-Көл милициясы эс алууга келген чет элдиктерге 7 кеңеш берди

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиРабота туристической милиции в Иссык-Кульской области
Работа туристической милиции в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Жазылуу
Көлдө туристтик милиция ар бир эс алуучунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аракеттерди көрө турганы, бирок саякатчылар да эске ала турчу жагдайлар бар экени белгиленди.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кыргызстанда жайкы туристтик мезгилдин башталышы менен чет элдик меймандар Ысык-Көлгө эс алууга келишүүдө. Буга байланыштуу облустук милиция коопсуздук жаатында кеп-кеңеш берди.
Ага ылайык, туристтик милиция ар бир эс алуучунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аракеттерди көрө турганы, бирок саякатчылар да эске ала турчу жагдайлар бар экени белгиленет.
Саякатчыны тоноп кетсе ал консулдукка чалып, анан милицияга кайрылышы керекпи, визасы бүтүп калса милиционерлер өлкөдөн кетишин талап кыла алабы? Ушул жана башка суроолорго Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы жооп берген.

Алдын ала чара көрүңүз

Чет тилде жер тааныткан туристтик милиция. Ысык-Көл ОИИББ тарткан видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Чет тилде жер тааныткан туристтик милиция. Ысык-Көл ОИИБ тарткан видео

Эс алуу учурунда өзүңүздүн коопсуздугуӊузду камсыз кылуу үчүн чет өлкөгө келерден мурун бардык документтерди (виза, паспорт, камсыздандыруу), билеттерди текшериңиз. Алардын бардыгы тийиштүү тартипте жана мөөнөтү жарактуу болушу керек. Туристтик агенттиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн телефондорун жана дарегин жазып коюңуз. Алар саякат учурунда сизге жардам берүүгө милдеттүү. Бул сизди жайгаштыруу, жашоо шарттары, тейлөө деңгээли жана тамактандыруу маселелерине тиешелүү. Сактык маселесине өзгөчө кам көрүӊүз жана жеке буюмдарыңызга кайдыгер мамиле кылбаӊыз.

Документтерди жана ири суммадагы акчаларды өзүңүз менен алып жүрбөй мейманканада калтырыңыз. Бир бөлүгүн банктык картада сактаңыз. Ошол эле учурда сапар алдында Кыргызстанда ушул карта менен төлөө мүмкүнчүлүгү бар-жогун текшерип алыңыз. Сиз жашаган мейманканада сейф же сактоо бөлмөсү болсо жакшы болот. Маанилүү документтердин электрондук көчүрмөсүн чыгарып алыңыз, түп нускасын жоготуп алган учурда сизге керек болот.

Акча же документтер уурдалса кайда кайрылууга болот?

Чет өлкөлүк жаран каалаган уюлдук телефон аркылуу 102, 112 же 0705 00 91 02 номерине байланышуусу зарыл. Билдирүүгө Ысык-Көл облусунун милициясы токтоосуз чара көрөт.
Коомчулукка негизделген туризм ассоциациясынын аткаруучу директору Асылбек Ражиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2021
Радио
Ражиев: эл шайлоого даярданып, быйылкы туризмди ойлогон жок
112 номери – ыкчам жардам көрсөтүү кызматтары үчүн бирдиктүү номер. Ал жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралган учурда жардам көрсөтүү, каргаша, кырсык, өрттөрдө, коомдук тартипти бузууда жана башка окуяларда, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда келтирилген материалдык чыгымды азайтуу жана адамдарга бирдиктүү маалыматтык колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан муниципалдык багыттагы диспетчердик кызмат.
Андан тышкары, Ысык-Көл ОИИБдин туристтик милициясынын базасында Сall-борбор иштейт, анда чет элдик турист же эс алуучу 0705 00 91 02 номерине чалып, англис же орус тилдеринде керектүү маалыматтарды ала алат.

Чет элдик жаран кыргызча билбесе милиционер менен кантип сүйлөшөт?

Сырттан келген саякатчы милиция бөлүмүнө келгенде котормочу менен камсыз болот. Ошол эле учурда Жазык-процессуалдык кодексине ылайык, котормочу жазык процессине кызыкдар адам болбошу керек. Котормочу чет элдик жаран сүйлөгөн жана тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткан тилди билиши кажет. Мындан тышкары, анын жазуу жүзүндөгү документтерди которуу тажрыйбасы болушу керек.

Чет элдик жаранга элчиликтин же консулдуктун өкүлү керекпи?

Уурдоо, талап-тоноо жана башка кылмыштар боюнча милицияга арыз жаза турчу чет элдик жаранга өз өлкөсүнүн элчилигинин же консулдугунун өкүлдөрүнүн катышуусу талап кылынбайт.
Бирок чет өлкөлүк турист жабырлануучу же окуяга күбө катары өтүп жатса, өз жаранынын мыйзамдуу өкүлү катары катышууга укуктуу.

Эгерде милиция арызды карабаса

Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Саякатка чыкканда кайсы дары-дармекти ала жүрүү керек. Тизме

Эгерде чет элдик жаранга карата кылмыш жасалып, милиция кызматкерлери тергөө жүргүзүүдөн баш тартса же тергөө ишин создуктурса, ал адам укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттерине же аракетсиздигине сотко даттанууга укуктуу. Мындан тышкары, арыз ээси ИИМдин ички иликтөө кызматына (0704999918) же ыкчам борборго (0312 66 23 31) кайрыла алат.

Ошондой эле милиция кызматкерлеринин аракетине же аракетсиздигине байланыштуу прокуратуранын 0312542818 ишеним телефонуна чалып арызданса болот.

Жоголгон буюмдар ээсине кайтарылып берилеби?

Эгерде кылмышкер аныкталып, андан жабырлануучунун буюмдары алынса, ээсине кайтарылып берилет. Кандай болгон күндө дагы уурдоо фактысы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталат. Милиция сөзсүз түрдө бул фактыны териштирет.

Эгерде виза маселеси келип чыкса

Кыргызстанда туристтин визасы аяктаганга чейин бир нече күн калса милиция кызматкери аны өлкөдөн чыгып кетишин талап кылганга укугу жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0