The Lancet изилдөөсү: КРде коронавирустан көз жумгандардын саны өсүшү ыктымал

© REUTERS / CALLAGHAN O'HARECOVID-19дан ооруканада каза болгон бейтап. Архив
COVID-19дан ооруканада каза болгон бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Жазылуу
Окумуштуулар изилдөө жүргүзүү үчүн калктын канча пайызы коронавируска каршы эмделгенин, алардын вакцинага болгон ишеничин эске алышкан.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. 1-июндан 31-августка чейин айрым мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда, коронавирустан каза болгон адамдардын саны өсүшү ыктымал. Бул тууралуу The Lancet илимий-медициналык журналынын изилдөөсүндө жазылган.
Билдирмеге караганда, окумуштуулардын тобу дүйнө жүзү боюнча коронавирустан өлүм учурларынын деңгээлин 100 миң кишиге карата бир моделге салып чыгышкан. Ага ылайык, Кыргызстанда өлүм учурлары боюнча начар абал жаралышы божомолдонууда. Анда 100 миң кишиге 256дан 512ге чейин өлүм учуру катталышы мүмкүн экени айтылган.
COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүп жаткан адам - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Вакцинанын баары "индия" штаммына каршы тура алат. ДССУнун билдирүүсү
Баалоо моделин түзүү үчүн окумуштуулар коронавируска каршы вакцинанын элге канчалык жеткени, калктын эмдөөгө болгон ишеничи жана бул мамлекеттерде басымдуулук кылган вирустун жогорку жугуштуулугу боюнча маалыматтарды колдонушкан.
Маалым болгондой, алдыңкы үч айдын ичинде коронавирустан өлүм учуру Латын Америкасынын айрым мамлекеттеринде жогорку деңгээлге жетиши ыктымал. Анын ичинде Боливия, Колумбия, Перу жана Уругвай бар. Себеби бул мамлекеттерде вакцина алгандардын саны өтө аз, ал тургай таптакыр ала электери бар.
"COVID каатчылыгы Борбор Азияга да жетиши ыктымал. Бирок бул аймакта эки гана мамлекет (Кыргызстан менен Өзбекстан) эмдөөнү жардам иретинде алышкан", — деген эксперттер.
Жакында эле саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Бакыт Жангазиев бүгүнкү күндө Кыргызстанда 90 миңге жакын адам коронавируска каршы эмделгенин айткан. Бул улуу курактагы калктын 2,3 пайызын түзөт. Ал эми экинчи доза менен 1,5 пайызы гана эмделген.
Жаңылыктар түрмөгү
0