Кыргызстанда COVID менен экинчи ирет ооругандар бар. Министрдин эскертүүсү

© AP Photo / Vladimir VoroninМедициналык кызматкер аялдын рентген сүрөтүн текшерип жатат. Архив
Медициналык кызматкер аялдын рентген сүрөтүн текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Жазылуу
Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, мурда коронавирусту экинчи ирет жуктуруп алгандарды каттоо жүргүзүлүп турса, азыр "элдин баары ооруй" баштаганда статистика жүргүзүлбөй калды.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык жактан өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19 менен экинчи ирет ооруп жаткандар катталганын билдирди.
Анын айтымында, бул тууралуу үч айдан бери айтып келе жатат.
"Себеби — канда коргой турган антитело жок калат да, коронавирустун мутациясы өзүнүн бар экенин эске салат. Бейтаптар экинчи ирет ооруп калганын айтып жатышат. Кээ бирөөлөрүнүн тапшырган тести таза деп чыкса, бир катарлары анализ берген эмес. Алар былтыр илдеттин жеңил формасы менен ооруп, басып жүрүп эле айыгып кеткен. Анда антитело аз иштелип чыккан да, 3-4 айдан кийин кайра ооруга чалдыгышты. Окумуштуулар антитело сегиз айдан бир жылга чейин жетерин айтып келишет", — деди Бейшеналиев.
Анын айтымына караганда, кайра ооруп калгандар боюнча биринчи 10 гана учурду эсеп-чотко алып, азыр "элдин баары ооруй" баштаганда статистика жүргүзүлбөй калган.
Жаңылыктар түрмөгү
0