Филиппин президенти: эмдөөдөн качкандарга чочконун вакцинасын саям

© REUTERS / LEAN DAVAL JRФилиппиндин президенти Родриго Дутерте. Архив
Филиппиндин президенти Родриго Дутерте. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2021
Жазылуу
Өлкө башчы "акылсыз адамдар гана вакцинадан баш тартат" деген пикирин айтып, өлкөдөн чыгып кетүүнү буюрду.
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Филиппиндин президенти Родриго Дутерте COVID-19 илдетинин кайрадан күч алып жатканына байланыштуу ага каршы вакцина алгысы келбегендерди камакка алам деп эскертүү берди. Бул тууралуу эл аралык ЖМКларга шилтеме берип Sputnik радиосу кабарлады.
"Эгер өз ыктыярыңар менен вакцина алууну каалабасаңар, күчкө салуу менен эмдөө жүргүзүлөт. Силер зыянкечсиңер. Вакцина алууну каалабасаңар, Филиппинден чыгып, Индия же Америкага кеткиле! Мен Ички иштер министрлиги менен жергиликтүү башкаруу органдарына эмдөөдөн качкан кишилердин тизмесин түздүрөм", — деди өлкө башчы.
Ал "акылсыз адамдар гана вакцинадан баш тартат" деген пикирин кошумчалады.
"Коронавируска каршы эмделбейм дегендерге мен чочколорго сайылчу вакцинаны саям. Ал вирусту дагы, өзүңөрдү дагы өлтүрөт", — деди Дутерте.
Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнөдө COVID-19ду 179 миллиондон ашык адам жуктурду. Ал эми 2,6 миллиарддан ашык киши вируска каршы эмдөөдөн өттү.
Жаңылыктар түрмөгү
0