COVID: Марипов министрлер кабинетинин кезексиз жыйынын өткөрмөй болду

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевУлукбек Марипов өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал боюнча министрлер кабинетинин кезексиз жыйыны учурунда
Улукбек Марипов өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал боюнча министрлер кабинетинин кезексиз жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2021
Жазылуу
Кеңешмеде коронавирус кырдаалын турукташтыруу, вакцинациялоо жана азык-түлүк менен камсыз кылуу маселелерин кароо пландалууда.
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Улукбек Марипов өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал боюнча министрлер кабинетинин кезексиз жыйынын өткөрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөт кабарлады.
Маалыматка ылайык, Марипов министрлер кабинетинин төрагасынын жана президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басарлары менен жумушчу кеңешме өткөргөн. Анда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери жана аларды чечүү жолдору талкууланган.
"Мындан тышкары, президенттин жарлыктарын ишке ашыруунун жүрүшү, эпидемиологиялык абалды турукташтыруу, жарандарды вакцинациялоо, азык-түлүк жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери каралды. Кеңешменин жыйынтыгына ылайык, Улукбек Марипов өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал боюнча министрлер кабинетинин кезексиз жыйынын өткөрүүнү тапшырды", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле өкмөт башчы тез арада аткарууну талап кылган бир катар тапшырмаларды берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0