Министр: Кыргызстанда коронавирустун бардык штаммы болушу мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2021
Жазылуу
Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту изилдөө үчүн үлгүлөрү Новосибирск шаарына жөнөтүлө турганын айтып, Кыргызстан боюнча толук изилдөө жүргүзүү мүмкүн эместигине токтолду.
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстанда азыр коронавирустун бардык белгилүү штаммдары жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Министр журналисттин "индиялык" штамм боюнча берген суроосуна жооп берип жатып, өлкөдө коронавирустун эң жугуштуу жана кооптуу делген "дельта" аттуу түрү да бар экенин айтты.
"Биз коронавирусту изилдөө үчүн үлгүлөрүн Новосибирск шаарына жөнөтөбүз. Алар ар кандай штаммдарды таап жатат. Азыр Кыргызстан боюнча изилдөө жүргүзө албайбыз", — деди ал.
Апрель айында Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирустун "британиялык", "индиялык", "түштүк африкалык" жана "россиялык" штаммдары жүргөнүн билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0