Акылбек Жапаров: өлкөдө элдин 0,7%ы гана вакцина алды, бул — биздин трагедия

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүүCOVID-19дан эмдөө. Архив
COVID-19дан эмдөө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2021
Жазылуу
Буга чейин кыргызстандыктар Кытайдын Sinopharm компаниясы өндүргөн вакцина менен Россиянын "Спутник V" препаратын колдонуп жаткан. Бирок ушул тапта кытай вакцинасынын биринчи компоненти жок калып, каалоочулар ала албай жатат.
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бүгүнкү күндө кыргызстандыктардын 0,7 пайызы гана коронавируска каршы вакцина алды. Бул биздин экономиканын трагедиясы жана кыйроосу. Мындай пикирин ишкерлер менен жолугушуу учурунда экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров айтты.
Белгилей кетсек, бүгүн, 23-июнда, президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы бизнес өкүлдөрү менен жолукту. Жыйынга өлкө башчы менен чогуу экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров жана инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов да катышкан.
"Вакцинаны болгону элдин 0,7 пайызы алды. Бул биздин экономиканын трагедиясы жана кыйроосу. Учурда кайсы бир өндүрүүчү Кыргызстанга вакцина жеткирип, куюштуруп бере турган болсо, биз ага бардык шарттарды түзүүгө даярбыз. Жабдуу, акча, кепилдик жагынан эч көйгөй болбойт. Бизди болгону жетиштүү көлөмдө вакцина менен камсыздап турса болду", — деди министр Жапаров.
Эске салсак, Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцина алгандардын саны 100 миңден аша элек.
Ал эми дүйнөдө, Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, 2,6 миллиарддан (бардыгы 7,8 миллиардын тегереги) ашык киши эмдөөдөн өттү.
Жаңылыктар түрмөгү
0