"Тажикстандыктардын көбү Кыргызстанга качып аман калган". Жарандык согуштун каары

© Фото / из личного архива Рустама РаджаповаРустам Раджапов жубайы Татьяна менен Душанбе шаарындагы Бакыт үйүндө экөө баш кошкону жөнүндө күбөлүккө кол коюп жаткан учур
Рустам Раджапов жубайы Татьяна менен Душанбе шаарындагы Бакыт үйүндө экөө баш кошкону жөнүндө күбөлүккө кол коюп жаткан учур - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2021
Жазылуу
Коңшу Тажикстанда жарандык согуш токтоп, тынчтык орногонуна быйыл 24 жыл болду. 1992-жылы бул коңшу өлкөдө ар түрдүү социалдык-экономикалык жана диний себептерден улам беш жылга созулган кандуу тиреш башталган.
Тажикстандагы жарандык согушту токтотууга Россия менен Кыргызстан зор салым кошкон. Тарыхый процессттин катышуучулары менен колумнист Алмаз Батилов маектешкен.

Кыргызстандын мурдагы вице-президенти Феликс Кулов: демилге ишке ашпай калган

— 1991-жылы 26-декабрда Советтер Союзу урагандан кийин Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы чек араны Россиянын чек арачылары кайтарган. Ал эми Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен чек ара тарап каралбай калды, өлкө чек ара кызматын түптөй элек болчу. Эки өлкөнүн жарандары такталбаган чек ара тилкелеринде үй салып жатышты. Ал кезде мен вице-президент болчумун. Өлкөбүздүн түштүк аймактарынан чыккан ишкерлерди чогултуп, казынада акча жок экенин, аталган мамлекеттер менен чектешкен чөлкөмдөрдө социалдык жана экономикалык көйгөйлөр чечилбей жактанын, ошол себептен Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара меселеси абдан курч экендигин түшүндүрдүм.
Ишкерлерге Ош облусуна караган Баткен тараптагы такталбаган чек ара тилкелердин жанына кафе, автоунаа оңдоочу жайларды же ишкана салып, алардын аталыштары сөзсүз кыргыз тилинде болушу керек дедим. Андан кийин Ош менен Жалал-Абад чөлкөмдөрүндөгү башка талаштуу чек ара участокторго жанаша ушундай объ ектилерди куруу абзел экенин айттым. Мындан сырткары, бул үчүн беш жылга чейин салыктан бошотуу тууралуу жарлык чыгаруу жөнүндө сунуш киргизеримди белгиледим. Ишкерлер дароо эле колдоп кетишти. Акаевге кирип айтсам сунушума макул болду. Бизнесмендерди президентке киргизип, бул бейрасмий коомду "Улуттук ар-намыс болсун" деп атамай болдук. Жарлык чыкты.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРАКШнын вице-президенти Альберт Гор Кыргызстандагы расмий иш-сапарында КРдын премьер-министри Турсунбек Чыңгышев жана вице-президенти Феликс Кулов (оң жактан биринчи) менен таанышып жаткан учур. Бишкек, 1992-жыл
Встреча вице-президента США Альберта Гора и премьер-министра КР Турсунбека Чынгышева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
АКШнын вице-президенти Альберт Гор Кыргызстандагы расмий иш-сапарында КРдын премьер-министри Турсунбек Чыңгышев жана вице-президенти Феликс Кулов (оң жактан биринчи) менен таанышып жаткан учур. Бишкек, 1992-жыл
Жигиттер долборлорун түзүп, ишке ашырууга билек түрүнө киришти. Бирок үч айдан кийин жогоруда сөз болгон жарлыкты Аскар Акаевич жокко чыгарып салды. Мындан улам ишкерлердин бийликке ишеними жоголду. "Жарлыгыңызды эмнеге жокко чыгардыңыз?" деп сурасам, Акаев көзүн ала качып, кеңешчиси Леонид Левитин чек ара маселеси абдан курч болгондуктан жарлыктын кереги жок деген кеңеш бергенин айтты. Левитинге жолуксам, ал да ар түрдүү шылтоо айтып артын качырды. Ошентип мамлекетибиз үчүн бул стратегиялык маселе чечилбей калган. Анын айынан жакында Тажикстан Кыргызстанга кол салып, бейкүнөө жарандарыбыз каза болуп, жараат алып, турак жайы менен мүлкүнөн ажырашты.
Жогоруда айтылган демилгени азыркы бийлик колдонсо болот. Кыргызстандык ишкерлер менен чет элдик инвесторлор Баткен аймагында аскердик, социалдык багыттагы объектилерди жана ишканаларды курса, өкмөт аларды беш жылга салыктан бошотуш керек. Анткени бүгүнкү күндө деле мамлекеттин казынасында андай объектилерди курууга каражат жок.

Тажикстандык качкын Александр Нарочный: Кыргызстанга жеткендер аман калган

— 1974-1996-жылдары апам Татьяна, карындашым Лидия жана мен Душанбе шаарында турчубуз. Бир жана эки бөлмөлүү эки батирибиз бар эле. Мындан сырткары, шаардын чок ортосунда дагы төрт бөлмөлүү чакан үй төрт сотых жери менен бар болчу. Ал эми таятамдар Бишкекте жашачу. 1988-жылы орто мектепти Душанбеден бүтүп, армияга чакырылдым. 1989-1993 жылдары Нижегород облусундагы Дзержинск шаарында аскердик кызматымды өтөп, кайра Душанбеге кайткан учурда Тажикстанда жарандык согуш жүрүп жаткан. Бириккен тажик оппозициясынын тарапкерлери өздөрүн "вовчик" деп аташты. Ал эми расмий бийликтин жактоочулары "юрчик" деген атка конушту. Булар максатына жетиш үчүн карапайым элди курмандыкка чалды. Түн ичинде "вовчиктер" жана "юрчиктер" жай тургундардын үйүнө кирип талап-тоноп, аларды суроо-сопкутсуз эле өлтүргөн учурлар көп болду. Ошондуктан колунан келгендер Россияга качты. Көпчүлүгү эптеп Кыргызстанга жетип, жанын аман алып калышты. Ал эми Өзбекстан чек арасын жаап, качкандарды кабыл алган жок. Расмий Ташкент айрым учурда гана чек араны ачып турду.
© Фото / из личного архива Александра НарочногоАлександр Нарочный Советтик армияда аскердик кызматын өтөп жүргөн учур. Нижегород облусу, Дзержинск шаары. 1990-жыл
Беженец из Таджикистана Александр Нарочный - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Александр Нарочный Советтик армияда аскердик кызматын өтөп жүргөн учур. Нижегород облусу, Дзержинск шаары. 1990-жыл
Согушка да айла жок көнөт экенсиң. Кээде балконго чыгып, кимиси экени белгисиз, Душанбеге чабуул коюп, танк менен шаарды аткылаганын көрчүмүн. Мунун натыйжасында калаа тургундары ачка калды. Россиянын 201-мотоаткычтар дивизиясынын жоокерлери БТР менен келип шаардын калкына нан таратып берчү. Эл нан алганча жанындагы паркта "вовчиктер" менен "юрчиктер" салгылашып жаткан болот, тургундар буга да көңүл бурбай токоч алып жатканын көрүп жаныман түңүлгөм. Далай классташтарым менен теңтуштарым кандуу тиреште каза болду. Ошол учурда таажездем Николай Емцов Душанбеде жашачу. Жаш кезинде Фрунзе шаарынын "Алга" футбол командасынын белгилүү оюнчусу эле. Бирок ден соолуктун айынан майып болуп, коляскада отурчу. 1996-жылы аны Россиянын 201-мотоаткычтар дивизиясынын аскерлеринин жардамы менен БТРге салып темир жол вокзалына жеткиздим. Какаганга муштаган болуп, ал жерде расмий Душанбенин аскерлери менен согушкерлер салгылашып жатыптыр. Буга карабастан таажездемди россиялык жоокерлердин көмөгү менен Өзбекстанга кетип жаткан акыркы поездге отургузганга зорго үлгүрдүм. Ал коңшу мамлекет аркылуу Бишкекке келди. Ишенесизби, эки батирди эмереги менен 800 АКШ долларына сатып, колубузга болгону документтерди алып чыгып кеттик. Душанбенин чок ортосундагы төрт бөлмөлүү үйүбүздү сатканга жетишкен жокпуз. Ыраматылык досум Леонид Пивнев да энесин Бишкекке узатып, биз сыяктуу батирин арзыбаган акчага сатканга мажбур болгон. Леониддин "Москвичине" апам, карындашым болуп үчөөбүз түшүп, төртөөбүз араң Өзбекстанга өтүп Кыргызстанга таенем Лидия Нарочновага келдик. Ошондо "өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет" деген макалдын түпкү маанисин түшүндүм.
Полковник в запасе Рустам Раджапов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2021
Полковник Раджапов: уулунун өлтүрүлүп жатканын көрүп атасынын жүрөгү жарылып кеткен
1990-жылдары Бишкекте тажикстандык качкындар көп болчу. Бардыгы мамлекеттен жана эл аралык уюмдардан жардам алып турушту. Документтерди калыбына келтиргенге расмий органдар чоң көмөк көрсөттү. Кыргызстандын жарандыгын алганча "качкын" деген макам менен жүрдүк. 2005-жылы Кыргызстандын жарандыгын алдым. Менин жеке пикиримде Тажикстандагы согушту токтотконго Россиянын 201-мотоаткычтар дивизиясы менен чек арачылары жана Кыргызстандын тынчтык орнотуучу батальону ат көтөргүс эмгек кылды. 1997-жылы май айында Кыргызстан расмий Душанбе менен Бириккен тажик оппозициясын элдештерип, Тажикстанда тынчтык орнотууга зор салым кошкон.

КР армиясынын запастагы полковниги Рустам Раджапов: согуш кызып турганда той өткөргөнбүз

— 1996-жылы февраль айынын башында Новосибирск шаарындагы жалпы командалык аскердик окуу жайдын чалгын факультетинде окуп жүргөн маалда кышкы өргүүгө Душанбеге келдим. Бала чагым Тажикстанда өткөн. Анда ата-энем менен бир туугандарым Душанбеде жашачу. Ошол убакта атам Абдрахим Раджапов Тажикстандагы Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн штабында Кыргызстандын Коргоо министирлигинин өкүлү болчу. 1996-жылдын 10-февралында өмүрлүк жарым Татьяна экөөбүздүн үйлөнүү тоюбуз болду. Ал Россиянын 201-мотоаткычтар дивизиясынын катарында кызматын өтөп жүргөн кези эле. Ошол маалда расмий бийликтин душманы белгилүү полковник Махмуд Худойбердыев Регар калаасындагы алюминий заводун курчоого алган. Худойбердыевдин мүдөөсү тажик өкмөтүнөн акча алуу болчу. Дал ушул себептен улам атам үйлөнүү тоюбузду өткөргөнгө Тажикстандын ажосу Эмомали Рахмондон уруксат сурап, макулдугун алган. Анткени кандуу тирешүүгө чейин атам аны жакшы таанычу. Анын үстүнө Эмомали Шарипович атамды расмий Бишкектин өкүлү катары аябай сыйлачу.
© Фото / из личного архива Рустама РаджаповаРустам Раджапов жубайы Татьяна менен Душанбе шаарындагы Бакыт үйүндө экөө баш кошкону жөнүндө күбөлүккө кол коюп жаткан учур. 1996-жыл 10-февраль
Полковник запаса Кыргызской армии Рустам Раджапов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Рустам Раджапов жубайы Татьяна менен Душанбе шаарындагы Бакыт үйүндө экөө баш кошкону жөнүндө күбөлүккө кол коюп жаткан учур. 1996-жыл 10-февраль
Баш-аягы тоюбузда алты жүздөй конок болду. Меймандардын арасында расмий Душанбенин аткаминерлери, аскер кызматкерлери, Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн жана Россиянын 201-мотоаткычтар дивизиясынын офицерлери болду. Мындан сырткары, Регар шаарын расмий бийликтин каршылашы полковник Худайбердыевден коргогон тажик армиясында классташтарым жана теңтуштарым бар эле. Алар нөөмөтүн башка жоокерлер алмаштырган учурда келип куттуктап, кайра окопторго кайтып жатышты. Ырчыларды жалдаган эмеспиз. Ошон үчүн ким ырдай алса сахнага чыгып ырдап жатты. Мындан сырткары, Бириккен тажик оппозициясынын катарындагы үч классташым да тойго катышты. Алар ресторанга кирер алдында автоматтарын таштап, аскердик формасын чечип тойго кийчү кийимдерин кийип келишти. Азыр согуш учурунда апам Мавлия кантип дасторкон жайып, ушунча конокту кантип тосконун эстеп таң калам. Энем 6-разряддагы ашпозчу болгондуктан үлпөт тоюбуз мыкты өттү. Согуш кызып турганда үйлөнүү тойду өткөрүү бул тарыхта сейрек болчу окуялардан болсо керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0