"Манас" аэропортундагы ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады

© Фото / пресс-служба ОАО "МАМ"Бишкектеги эл аралык "Манас" аэропортундагы ПЦР лабораториясы. Архив
Бишкектеги эл аралык Манас аэропортундагы ПЦР лабораториясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2021
Жазылуу
Лаборатория июндан тарта иштей баштаган. Тест тапшыра турган жарандар аэропортко 5-6 саатка эртерээк келиши керектиги айтылды.
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортундагы коронавирусту аныктоочу ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы кабарлады.
Лаборатория ачылгандан бери (1-июнь) ПЦР-тест эртең мененки саат 8:00дөн кечки 18:00гө чейин жасалып келген. Ошондой эле "COVID жок саякаттайм" программасына катышкан.
COVID-19дан эмдөө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2021
Акылбек Жапаров: өлкөдө элдин 0,7%ы гана вакцина алды, бул — биздин трагедия
Тесттин жыйынтыгын amsbiolab.kg сайтынан табууга болот. Же болбосо "Манас" аэропортунун 1-кабатынан үч тилде кагазга чыгартып алса дагы жарайт.
"Манас" аэропортуна түштүк кореялык корпорация ПЦР-лаборатория ача турганы 21-майда белгилүү болгон. Өкмөт башчы Улукбек Марипов менен жолуккан фирманын жетекчиси COVID-19га бир күндө 14 миң адам тест тапшыра аларын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0