"Прокурордун кеңештери" мобилдик тиркемеси иштелип чыкты. Видео

© Sputnik / Жоомарт УраимовБашкы прокуратуранын имараттын дарбазасында эмблема. Архив
Башкы прокуратуранын имараттын дарбазасында эмблема. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2021
Жазылуу
Колдонмо аркылуу жарандар кыргыз жана орус тилдеринде юридикалык кеп-кеңештерди алып, прокуратура органдарына кайрылса болот.
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. "Прокурордун кеңештери" мобилдик тиркемеси иштелип чыкканын Башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы кабарлады.
Башкы прокуратуранын пресс-борборунда аталган тиркеменин жана мекеменин жаңыланган расмий сайтынын бет ачары болду.
Колдонмо коомчулуктун суроо-талаптарын эске алуу менен иштелип чыкканы белгиленди. Анда жарандар юридикалык жардам алып жана прокуратура органдарына кайрылса болот.
Башкы прокуратуранын маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Белек Калыковдун айтымында, мобилдик тиркеме жарандардын прокуратура органдары менен өз ара байланышын бекемдеп, ишинин натыйжалуулугун арттырууга шарт түзөт.
Колдонмону www.prokuror.kg расмий сайтынын ылдый жагынан көчүрүп алууга болот. Эки тилде маалымат берилет.
Жаңылыктар түрмөгү
0