Жаан жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКиши кол чатыр менен жаан учурунда. Архив
Киши кол чатыр менен жаан учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2021
Жазылуу
Апта аягында Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күн ачык болору божомолдонду. Ысык-Көлдө абанын температурасы 25 градуска чейин жылуу болот.
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет дем алышка карата аба ырайынын божомолун жарыялады.
Билдирмеге караганда, апта аягында өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болору божомолдонду.
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 26-июнда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. 27-июнда тоолуу райондордон башка жерлерде күн ачык болору айтылды.
Көлгө түшүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Ысыгыраак болот. Июль айына карата аба ырайы
Таласта аптанын акыркы эки күнүндө тең жаан жаабайт, абанын температурасы жогору болору белгиленди. Ысык-Көлдө 26-27-июнда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бирок Каракол, Чолпон-Ата шаарларында күн ачык болот.
Нарында 26-июнда жаан жаашы мүмкүн, ал эми 27-июнь, жекшембиде, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүшү ыктымал.
Апта аягы Бишкекте күн ачык болуп, абанын температурасы 30...32 градуска чейин ысый турганы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0