Медициналык кызматкер иш учурунда. Архив

Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө көз жумган өспүрүм. Эки экспертиза дайындалды

86
(жаңыланган 11:31 24.06.2021)
Чүй милициясы жакынкы күндөрү экспертизанын жыйынтыгы чыгып, натыйжада окуяга юридикалык баа берилерин айтты.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө 13 жашар Игорь Якуниндин каза болушу боюнча соттук-медициналык жана соттук-химиялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бардык тергөө иштери жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү экспертизанын жыйынтыгы чыгып, натыйжада окуяга юридикалык баа берилмекчи.

Ишти ИИМ жетекчилиги көзөмөлгө алганы белгиленди. Бул факт боюнча материалдар Чүй милициясынын тергөө кызматында, сотко чейинки процесстер уланууда.

Эске салсак, балдар үйүнүн 13 жаштагы тарбиялануучусунун каза тапканы тууралуу маалымат мындан эки жума мурда тараган. Игорь Якуниндин өлүмү боюнча факт Сокулук райондук милициясы тарабынан 1-июнда катталган. 2-июнда Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Баланы багып алууга ниеттенип жүргөн АКШлык үй-бүлө жактоочу жалдаган. Анын маалыматы боюнча, тергөө амалдарын жүргүзүүдө бир катар мыйзам бузуулар болгон. Акыйкатчы институту ИИМге ишти министрликтин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берүү тууралуу, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигине балдар үйүнүн директорун тергөө учурунда кызматынан четтетүү тууралуу кат жолдогон.

Маркумдун агасы Богдан Якунин президентке кайрылуу жолдоп, бул иштин тергелишин өзүнүн көзөмөлүнө алууну суранган. Кайрылуусунда иниси токмок жеп каза болду деген ой болуп жаткандыгын айткан.

Балдар үйүндө каза тапкан Игорь Якуниндин өлүмү боюнча тергөө иштери президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова билдирди.

86
Белгилер:
балдар үйү, өспүрүм, милиция, экспертиза, Чүй облусу, Военно-Антоновка
Тема боюнча
15 жаштагы бала айдап... Ноокаттагы 6 киши көз жумган кырсыктын чоо-жайы
Мамлекет башчы Садыр Жапаров телефон аркылуу Айсулуу Тыныбекованы куттуктады

Жапаров Айсулуунун беттешин бүлөсү менен көрүп, балбанды телефондон куттуктады

8
(жаңыланган 20:49 04.08.2021)
Белгилүү болгондой, өлкө башчы финалдык таймашты үй-бүлөсү менен көргөн. Президент Тыныбекованы келечекте дагы көп ийгиликтер күтөрүн өзгөчө белгилеген.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров телефон аркылуу улуттук курама команданын мүчөсү, балбан Айсулуу Тыныбекованы Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болушу менен куттуктады. Бул тууралу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

  • Президент Садыр Жапаров с супругой Айгуль Жапаровой во время просмотра выступления борца Айсулуу Тыныбековой на Олимпийских играх в Токио. 04 августа 2021 года
    Белгилүү болгондой, өлкө башчы финалдык таймашты үй-бүлөсү менен көргөн
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Садыр Жапаров с супругой Айгуль Жапаровой во время просмотра выступления борца Айсулуу Тыныбековой на Олимпийских играх в Токио. 04 августа 2021 года
    Президент Тыныбекованы даңктуу жеңиштери менен Кыргызстанды бир нече жолу дүйнөлүк аренада даңазалаганын, аны келечекте дагы көп ийгиликтер күтүп жатканын өзгөчө белгилеген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Белгилүү болгондой, өлкө башчы финалдык таймашты үй-бүлөсү менен көргөн

Белгилүү болгондой, өлкө башчы финалдык таймашты үй-бүлөсү менен көргөн. Президент Тыныбекованы даңктуу жеңиштери менен Кыргызстанды бир нече жолу дүйнөлүк аренада даңазалаганын, аны келечекте дагы көп ийгиликтер күтүп жатканын өзгөчө белгилеген.

"Бүгүн бүтүндөй Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү унутулгус күн. Сиздин бул жогорку сыйлыгыңыз көп жылдар бою күн сайын, талбай машыккан эмгегиңиздин, жеңишти көздөгөн темирдей эркиңиздин, улуу максаттарга умтулгандыгыңыздын акыбети болуп калды. Сиз татыктуу күрөш, мыкты даярдык жана майтарылгыс моралдык дух көрсөттүңүз", — деди Жапаров.

Президент олимпиадалык команданын спортчулары менен машыктыруучулар курамына ден соолук каалап, мекенге аман-эсен кайтып келип алышын тилеген.

8
Белгилер:
Кыргызстан, Айсулуу Тыныбекова, Садыр Жапаров, куттуктоо
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Айсулуунун жашы токтобой. Бүткүл Кыргызстанды ыйлаткан видео
Олимпиададан утмайын турмушка чыкпайм деген. Айсулуу тууралуу 10 факт
Унаанын ачкычы, акча жана телефон. Иллюстративдик сүрөт

"Коопсуз шаардын" айып пулун азайтуу мыйзамы күчүнө кирди. Канчага кыскарат

32
(жаңыланган 20:27 04.08.2021)
Эми эгер айдоочу 15 күндүн ичинде айып пулдан кутулам десе, анда 300 сом эле төлөп калат. Башкача айтканда, айып пул 70 пайызга кыскарат.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жол эрежесин бузуу үчүн каралган айрым айып пулдарды азайтуу боюнча мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзам 30-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Эми эгер айдоочу 15 күндүн ичинде айып пулдан кутулам десе, анда 300 сом эле төлөп калат. Башкача айтканда, айып пул 70 пайызга кыскарат. Кеп биринчи категорияда каралган 1 000 сом туурасында болууда.

Айып пулу азайтылган эреже бузуулар:

  • мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузууда;
  • аныкталган ылдамдык чегин саатына 10 чакырымдан өйдө чыгарып, бирок 20 чакырымдан ашырбай айдаса;
  • жол белгилеринин талаптарын бузса, жол чийиндеринин эрежелерин бузса (экинчи автоунааны ашып өтүү тартибин бузуудан же маневр жасап каршы тилкеге чыга калуудан сырткары);
  • аялдамада токтоо же токтоп туруу эрежесин бузса;
  • коопсуз аралыкты, интервалды сактабаса же транспорт каражатын жолдо жайгаштыруу, автомагистралда жүрүү эрежесин бузса;
  • аялдама же стоп-линияны, жол эрежелери менен эскертилген чийиндерди бузса же светофордун күйгөнүнө, жол кыймылын жөндөгөн автоинспектордун ишаратына карабай жол чийиндеринен өтүп кетсе;
  • каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузса;
  • жарык берүүчү тышкы каражаттарды пайдалануу же белги берүүчү эрежелерди бузса (бардык механикалык автоунаалардын күндүз, эл жашаган жерден сырткаркы аймактарда жарыкты жакынкы жерге бериш үчүн фараларды күйгүзүп жүрүүгө коюлган талаптардан сырткары).

Бул мыйзам күчүнө киргенге чейин төлөнбөгөн жогоруда көрсөтүлгөн укук бузуулар үчүн айыптар (мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузууну кошпогондо), туумдарды жокко чыгаруу жана жеңилдетилген мезгилди калыбына келтирүү менен жогорудагы мыйзамдын ченемдерине ылайык төлөнөрү белгиленген. Башкача айтканда, буга чейинки салынган 1000 сомдук айыптарды 15 күндүн ичинде 70 пайыздык жеңилдик менен төлөй алышат.

32
Белгилер:
Садыр Жапаров, мыйзам, Коопсуз шаар, долбоор, айып пул, эреже, бузуу
Тема боюнча
Айтикул уулу: алты айда айдоочуларга 214 миллион сомдук айып салынды
Бишкек: эреже бузган айдоочулар 165 млн. сомдон ашык айып пулду төлөбөй жүрөт