Акын Турар Кожомбердиевдин кызы Нургүл Кожомбердиева

Турар Кожомбердиевдин кызы Нургүл: 33 жыл өттү, дале жүрөк ыйлайт

966
(жаңыланган 14:49 30.06.2021)
Балдар үчүн эң мыкты ырларды жазган залкар акын Турар Кожомбердиев быйыл көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак эле.

Улуу таланттын чыгармалары, өзгөчө балдарга арналган ырлары ушу күнгө чейин актуалдуулугун жоготпой келет. "Түнкү серенада", "Күн чыгышым", "Толкундар", "Ысык-Ата-Арашан", "Энем жана атама", "Ак маралым", "Алгач сүйүүм", "Уйкусуз гитара", "Кайдасың сен", "Баратабыз каякка", "Садагам байчечекей" ырлары обонго салынып, ырдалып жүрөт.

Sputnik Кыргызстан агенттиги акын Турар Кожомбердиевдин кызы Нургүл Кожомбердиева менен акындын бала чагы, чыгармачылыгы, турмушу тууралуу маек курган.

— Сөздү алгач улуу акындын балалыгынан баштасак деп турам.

— Атамдын балалыгы бийик тоолордун арасында өткөн. Өзү жылкычынын баласы болгонго көчмөн жашоону боюна сиңирген. Ырларында деле мунун баары айтылып, чагылдырылат. "От өчпөгөн коломто" деген китебинде кыргыздын бүтүндөй жашоосу камтылат эмеспи. Жазуучу Субайылда Абдыкадырованын жазганына караганда, атамдын төрөлүшү да кызык. 1941-жылы 22-июнда Жайыл районунун жайлоолорунда чоң атабыз Кожомберди "сүйүнчү-сүйүнчү, уулдуу болдум" деп ат чаап келе жатат дейт. Эл деле согуш башталгандыгын уга элек экен. Жайлоодогулардын баары "канча жылдан бери күткөн уул" деп кошо сүйүнүп ат тандап чуулдап турган убакта согуш башталгандыгы тууралуу кабар келет. Ошол жердегилердин бири баланын атын Жаңжалбек коёлу деп чыгат. Бирок атасы антип коё албасын айтып, "атын Турар коём, бутуна бекем турган бала болсун" деп ырымдаптыр.

Поэт и лирик Турар Кожомбердиев
© Фото / из семейного архива Нургуль Кожомбердиевой
Улуу таланттын чыгармалары, өзгөчө балдарга арналган ырлары ушу күнгө чейин актуалдуулугун жоготпой келет.

Атамдын чыгармачылыгына, өзгөчө "Көлчүктөгү ай" ырына жайлоодогу күндөрү себепчи болсо керек деп ойлойм. 1954-жылы аталган ырды жазып алып Сүйүнбай Эралиевге барса, ал 13-14 жаштагы бала кантип ушундай ыр жазды деп аябай таң калып "бул бала кыргыздын нукура жашоосун тулку боюна сиңирип алган экен" дептир. Өзү балалыгы тууралуу "мен абдан бактылуу кишимин. Аттардын күлүгүн минип, суулардын тунугун ичип, таза абада дем алып чоңойдум" деп айтып калчу.

— Ошентсе да бала чагы согуштун катаал жылдарына туш келиптир да...

— Бул алаамат советтик өлкөлөрдүн катарындагы бардык элдин башына түшпөдүбү. Бирок атам ачкачылыкты көрбөптүр. Өз апасы Гүлнар атам төрт жашында кайтыш болуп кетет. Чоң атабыз анан Касыке апага үйлөнүп, атам аны "апа" деп өсүп калган. Касыке апабыздын атасы тегирменчи болуп, атам ошондон улам ачкачылык көргөн жокмун дечү.

— Атасы жылкычы болсо Турар Кожомбердиевге акындык өнөр кимден калды болду экен?

— "Жыргаганыман жылкычы болуптурмунбу" дегендей, чоң атам деле жылкычы болуп төрөлгөн эмес да. Аталары бай, бий болгон тектүү адамдар экен. Советтер Союзу мезгилинде кулакка айдалып кетпеш үчүн чоң атабыз жылкычы болуп кетиптир. Атамдын апасы абдан жакшы ырдаса, атасы жомокчу киши болгон. Кийин ата-энеси жайлоого кеткенде өзүнөн беш-алты жаш улуу Эркин аттуу эжеси экөө Сары-Булак айылындагы үйдө калышат. Атасы бардык тамак-аш менен камсыздап турчу экен. Эркин эже шаарга окууга келгенде инисин ээрчитип келе берген. Укан деген эжесиникине келип туруп калышат. Бирок атам айылды, жайлоону сагынып Дзержинский (Эркиндик — ред.) бульварында эле бактарды тиктеп отура берчү дешет. Көп ырлары ушул жерде жаралса керек.

Поэт и лирик Турар Кожомбердиев с поклонниками своего творчества. Архивное фото
© Фото / из семейного архива Кожомбердиевых
Нургүл Кожомбердиева: Атамдын чыгармачылыгына, өзгөчө "Көлчүктөгү ай" ырына жайлоодогу күндөрү себепчи болсо керек деп ойлойм.

— Чыгармачыл адамдардын мүнөзү катаал болот деп коюшат. Атаңыздын мүнөзү кандай эле?

— Атам бир сырдуу, терең ойлонгон, оор басырыктуу болчу. Кишини бир караганда эле түпкүрүнө чейин сүңгүп карай алчу. Бир көргөндө эле кандай адам экенин билип койчу. Психолог, философ, анан көп окуган киши эле. Бирок ата катары бизди катуу кармады. Кызыгып бала чагы, ырлары тууралуу сурасак көп айтып берчү эмес. Көбүн эжелеримден уктук. Атам каза болгонуна 33 жыл болсо да ушу кезге чейин жүрөгүмдө күйүтүм бар. Себеби андай залкар адамды жолуктура элекмин. Ушунчалык келишимдүү, адамкерчиликтүү, майда-бараттан өзүн өйдө кармаган мекенчил адам болчу. Ташмат Арыков атама арнап "сендейден ону болгондо Кыргызстан эбак өнүкмөк" деп жазып кеткени бар эле.

— Турар Кожомбердиевди балдар акыны катары билебиз. Мыкты ырларды жазган. Бала кыял да мүнөзү болсо керек?

— Атам абдан эрке өсүптүр. Таятасы тегирменчи болуп, эл эптеп жүгөрү нан менен отурса, булар буудай нан жешиптир. Ошондо "эмнеге буудай нан жешим керек, мен да жүгөрү нан жейм" деп чыр салып, аны да сурап келип жасап беришчү экен. Эркелеп жүргөн мүнөзү баары бир калып калат да. Касыке апабыз көп бала төрөгөн. Ал балдар менен атам чогуу өсүп, ырларында ошолордун баарынын мүнөзү бар.

"Мактанам деп Кекиге,

Көргөзөм деп Бекиге,

Атын жазды Үсөйүн,

Ак дубалдын четине.

Ага айтты Азат кыз,

Көөдөн чийсе жакшыбы,

Сенин дагы бетиңе", — деген ырларында бир туугандарын жазган.

Кеки, Беки, Үсөйүн баары бөбөктөрү болчу.

Ырларынын баары тарбия. "Сугалак мышык" деген ырында:

"Адыл күлүп кубанат,

Эй, байке, карасаң

Тиги мышык сугалак,

Өз куйругун чычкан деп,

Тегеренет кубалап", — дейт.

Азыр Адыл байкем алтымыш жашта. Ал киши "ушинтип байкеме айтып койсом, дароо эле ыр жазып койгон" деп эскерип калат. Ушул ырларынын баары "Көлчүктөгү ай" китебине кирген. Ал китепке акын Анатай Өмүрканов "Турар ушул китеби менен эле поэзия дүйнөсүнүн эшигин шарт ачып кирип келип, төрдөн орун алды" деген таризде баш сөз жазган.

— Атаңыздын балдарга арналган ырлары тууралуу айттыңыз, ал кишинин обон чыгарылып, ырдалып жүргөн да ырлары көп. Аларды укканда кандай сезимде болосуз?

— Атам бизге "ушул ыр менин ырым" дечү эмес. Кийин айрымдарын угуп таң калып жүрдүк. Бирок 600гө жакын ырына обон жазылганын айткан. Анын баары эле элге жеткен жок да. Көзү өтүп кеткендиктен нотага түшүрүлбөй, өзүнчө китеп болуп чыкпай калды. Жаңы жыл өңдүү майрамдарда "Жаңы жылды тосолу", "Атам менен энеме" өңдүү өзү жакшы көргөн ырларды ырдап калчубуз. Былтыр Калыбек Тагаевдин 80 жылдыгында китеп жеткирип барсам ал киши "мен билгенден эле 300 обондуу ыры бар. Мен жазган обондуу ырлары эле жүздөй. Анын 30-40ы эле китепке түшүптүр" деген. Атамдын көзү тирүүсүндө обончулар күндө эле топурап үйдө жүрүшчү. Алар атамдын ырлары тилге жатык, обон чыгарууга ылайыктуу экендигин көп айтып калышар эле. Жаңы китеби чыкканда калтырбай алып кетишчү.

— Турар Кожомбердиев атындагы коомдук фондду жетектеп келесиз. Учурда кандай иштер аткарылып жатат?

— Атамдын 75 жылдыгына карата интернеттен атайын "Алп акын — Турар Кожомбердиев" деген аталыштагы баракча ачып чыгармаларын пропагандалаганбыз. Анан "Көлчүктөгү ай" китебин чыгардык. Мындан тышкары, Турар Кожомбердиев атындагы сыйлык уюштуруп, анын биринчисин Барчынбек Бугубаевге ыйгарганбыз. Кийинкисин Зайырбек Ажыматовго берүүнү туура көрүп жүрсөк, анын да көзү өтүп кетти. Ошондой эле "Ыр булак", "Кыл чокулар" деген китептерин кайрадан чыгарууга даярдап жатабыз. Бул ирет 80 жылдыгына даярданууга мурункудай шарт болгон жок. Мамлекет деле пандемия деп колго албады.

Атам мекенин абдан сүйгөн адам эле. Ушул сапатын элге таанытуу үчүн көп аракет кылып келем. "Атам өлсө да атамды көргөн өлбөсүн" деген макал бар эмеспи. Азыр атамдын достору, замандаштары жана калемдештеринин бир тобунун көзү тирүү. Ошого сүйүнөм. Алар да Турар Кожомбердиев тууралуу сонун эскерүүлөрдү, макалаларды жазышкан. Төлөгөн Мамеев беш жыл мурда "Ала-Тоо" журналына жазган макаласында атамдын мыкты акын экендигин белгилеп, "кыргызда мыкты акын десе эле Алыкул Осмонов менен чектелебиз. Эмне үчүн Турар Кожомбердиевдин да атын атабайбыз" деп жазган. Мамеев профессионал талдоочу, ырдын чебери эмеспи.

— Атаңыздан мурас катары эмнени алып калдым деп ойлойсуз?

— Мага атамдын ырлары мурас болуп калды. Балам оорукчан болгондуктан кээде кадимкидей чөгөм. Ошондо атамдын ушул ырларын окуп, өзүмө күч, энергия алам. Булар мени "чөкпө" деп тургандай сезилет. Таң калганым, укмуштуудай дем берет. Анан ушул кишинин кызы болгонума, тарбиясын алып калганыма сыймыктанам.

Поэт и лирик Турар Кожомбердиев с матерью Касыке. Архивное фото
© Фото / из семейного архива Кожомбердиевых
Нургүл Кожомбердиева: Атамды кыргыз поэзиясында эне темасында да укмуш жазган деп айтышат. "Апа" деген поэмасын азыр да окусам ыйлай берем.

— Анткен менен белгилүү атанын кызы болуу көп нерседен чектеп турса керек. Себеби атанын кадыр-баркына доо кетирип албоо деген болот эмеспи...

— Жоопкерчилигин башында көп сезген жокмун. Анткени атам тарбия бергенде өзүнүн элден өзгөчөлүгүн баса белгилечү эмес. Кээде мектептен кайсы бир темада ыр жаттап келүү тапшырмасы берилип ыр таппай жатсак, атам биздин издеп жатканыбызды көрчү. Бирок "менин ушундай ырым бар" дечү эмес. Изденгиле деп койчу. Бардык темада сонун ырлары бар экенин бой жеткенде көрдүм.

Той-топурга же мейманга барганда шарактап, эл катары отурсаң эле бирөө келип "бул Турардын кызы" деп тааныштырып койсо эле болду, күлмөк турсун ашыкча да сүйлөй албай отуруп каласың (күлүп). Ошондой жагы бар. Чектелип жүрүүгө туура келет.

— Атаңыздын кандай өкүтү, аткарылбай калган максаттары болду?

— Атам 50 жылдыгын өткөрөм деп даярданып баштаган. Москвадан Владимир Винокурдун юбилейин көрүп "эл телевизиондук форматка өтө баштаптыр, биз да ошого өтүшүбүз керек" деп калчу. Бара-бара китеп көп окулбай каларын да айтчу. Көрсө, ушундай техниканын заманы келерин аңдаса керек. Мааракесин өткөргөнгө жетишпей калды, анан 1988-жылы "Кыл чокулар" ыр жыйнагы чыкканда Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты алам го деп жаткан. Бирок алган жок. Атам бул жөнүндө эч нерсе айткан эмес, бирок ичинен өкүттө кетти болуш керек деп ойлойм. Ал эми өзүнүн эрте каза болуп калганы — бизге өкүнүч. Бул киши абдан жогорку интеллектуалдуу адам болчу. Материалдык байлыкка кызыкчу эмес, үй, машина алам деп жулунган жок. Бир гана ыр китептери чыкканда аябай сүйүнүп, айылына чейин барып, китебин көрсөтүп элге той берип келчү. "Машина алганда да аны айдап, оңдотуш керек. Андан көрө такси айдатам" деп айылга чейин такси менен барып келчү. Ушинтип эркелеп жашап өттү. Бир туугандары менен мактанчу, чыныгы достору менен сыймыктанчу.

Поэт и лирик Турар Кожомбердиев. Архивное фото
© Фото / из семейного архива Кожомбердиевых
Нургүл Кожомбердиева: Атам бир сырдуу, терең ойлонгон, оор басырыктуу болчу. Кишини бир караганда эле түпкүрүнө чейин сүңгүп карай алчу. Бир көргөндө эле кандай адам экенин билип койчу.

— Мыкты акындардын тагдыры татаал болот дейт. Сиз буга кошулбайт окшойсуз?

— Атамдын апасы эрте каза болуп, төрт жашында жетим калган. Өгөй апасы баарын берсе деле өзүнүн энеси бүтүндөй бир аалам эмеспи. Ошол ааламынан төрт жашында айрылды. "Эне жана коломто" деген ырын окусаңыз деле "коломтону элестетсем энекем, күйпөлөктөп олтургансыйт жанында" деген ыр саптарындай, өмүр бою апасын элестетип жүрүп өттү да. Ал кишини кыргыз поэзиясында эне темасында да укмуш жазган деп айтышат. "Апа" деген поэмасын азыр да окусам ыйлай берем. Ушул чыгарманы мектептин программасына киргизип туура кылган, себеби ар бир окуучу эненин баркын түшүнүшү керек. Тарбиялык мааниси укмуш.

966
Белгилер:
Турар Кожомбердиев, Нургүл Кожомбердиева, ыр, эне, поэзия, бала
Тема боюнча
Бообек Ибраевдин уулу Марат Ибраев: ата-энем мен үчүн көпкө урушуп жүргөн экен

Жомокчу Бегайым Жайчиева: аял турмушта башкача жашап өтүшү керек экен...