Россия 365 тонна суу майды Кыргызстанга жардам катары берди

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүӨсүмдүк майы. Архив
Өсүмдүк майы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2021
Жазылуу
Россия БУУнун Кыргызстандагы Дүйнөлүк соода программасынын ири донору болуп саналат. Акыркы 10 жылда дээрлик 1 миллион кыргызстандыкка колдоо көрсөтүлгөн.
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бишкек менен Ошко Россия жардам катары берген 365 тонна суу май жеткирилди. Азыктын бул түрү 27 миң аз камсыз үй-бүлөгө берилет.
Россия Кыргызстанга Дүйнөлүк соода программасынын алкагында байма-бай колдоо көрсөтүп келет. Мисалы, жазында витаминдүү ун жеткирилсе, эми суу май берилди. Жардамды тапшыруу иш-чарасына РФтин Кыргызстандагы элчилиги менен БУУнун Дүйнөлүк соода программасынын өкүлдөрү жана КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери катышты.
"365 тонна суу майдын 60 тоннасы Бишкектеги кампага киргизилсе, калганы Ошко жөнөтүлдү", — деди Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин тышкы саясат тобунун жетекчиси Артем Романов.
 Бишкекке Казакстан гумжардам катары жөнөткөн 4500 тонна ун жеткирилди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Бишкекке Казакстан жиберген гумжардам келди. Сүрөт
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Соцкамсыздоо департаментинин директору Актан Балбаков өкмөттүн атынан Россияга ыраазычылык билдирди.
БУУнун Дүйнөлүк соода программасынын маалыматына караганда, аз камсыз үй-бүлөлөр ар кандай долбоорлорго катышуу менен (каналдарды оңдоо жана калыбына келтирүү, бак тигүү ж.б.) ун жана суу май ала алышат.
Россия БУУнун Кыргызстандагы Дүйнөлүк соода программасынын ири донору болуп саналат. Акыркы 10 жылда дээрлик 1 миллион кыргызстандыкка колдоо көрсөтүлгөн. Жардам мектеп окуучуларына, фермерлер, айылдык аялдар жана аз камсыз үй-бүлөлөргө берилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0