Майда СOVID менен күрөшкөн 5 миңден ашуун медик компенсация алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков посетил ночной стационар в Бишкеке
Президент Сооронбай Жээнбеков посетил ночной стационар в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Жазылуу
Өткөн айда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду медиктерге жалпы 131 миллиондон ашык каражат берген. Анын көбү стационар менен госпиталдагы кызматкерлерге бөлүнгөн.
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду медицина кызматкерлерине май айы үчүн 131 миллион 788 миң сом төлөп берди. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, компенсация коронавирус менен күрөшүүгө тартылган 5 094 медикке берилген.
Республиканын саламаттык сактоо уюмдарында эмгектенген төмөнкү сандагы кызматкерлерге кошумча акы берилди:
  • стационар менен госпиталдагы 2 901 медикке 101 миллион 108 миң сом;
  • обсервациялардагы 651 кызматкерге 15 миллион 629 миң сом;
  • мобилдик бригададагы 334 кишиге 8 миллион 88 миң сом;
  • Тез жардам станцияларындагы 809 ак халатчанга 3 миллион 64 миң сом;
  • санитардык-карантиндик пункттагы 55 адамга 452 миң 900 сом;
  • патологоанатомиялык кызматта иштеген 8 кызматкерге 36 миң 700 сом;
  • башка кызматтарда (лаборанттар, анализ ташыган айдоочулар) эмгектенген 336 кишиге 3 миллион 408 миң сом.
Жаңылыктар түрмөгү
0