Кыргызстанда жарандардын антителосу акысыз текшерилет. Кантип жазылуу керек

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүАнтителого тест жасоо үчүн кан тапшырып жаткан адам. Архив
Антителого тест жасоо үчүн кан тапшырып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Жазылуу
COVID-19га иммунитетти текшерүүнүн экинчи этабында кыргызстандыктардын 71 пайызында антитело бар экени көрсөтүлгөн.
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кыргызстанда жарандардын антителосу бар-жогун аныктоо акысыз негизде жүргүзүлө баштады.
"Профилактикалык медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмеси ага каттоо электрондук түрдө гана болорун билдирди. Анкетаны бул шилтемеге өтүп толтурса болот.
Муну менен адистер элдин коронавируска болгон иммунитетин баалоону көздөп жатат.
Буга чейин калктын COVID-19га иммунитетин текшерүүнүн үчүнчү этабын жүргүзүү пландалып жатканы айтылган. Экинчи этапта кыргызстандыктардын 71 пайызында антитело бар экени көрсөтүлгөн. Ал эми биринчи этапта 30 пайызында антитело бар экени кабарланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0