Экономист, журналист жана укук коргоочу Эрулан Көкүлов. Архив

Эрулан Көкүлов: мактанчаак, бетпаксың дешет, иштеген киши ошондой болот

1351
(жаңыланган 18:48 25.06.2021)
Эрулан Көкүлов акыркы жылдары Кыргызстандагы керектөөчүлөрдүн укугун коргой турган адамга айланды. Тартуучу топ менен биргеликте азык-түлүк саткан, тамактануучу жайларда рейд жүргүзүп, ири мыйзам бузуулардын бетин ачып келет.

Негизи Көкүлов хирург же журналист болууну каалаган. Учурунда анын журналистикага баруусуна атасы каршы болсо, медик болууга каражаты жеткен эмес. Биз экономист, журналист жана укук коргоочу менен кесип тандоодогу тоскоолдуктар, "Не сахар" социалдык долбоору, журналисттик иши жана алдыдагы пландары тууралуу кенен сүйлөштүк.

— Атаңыз 30 жылдан ашык убакыттан бери журналистика тармагында эмгектенип келет. Бирок сиздин кесиптеш болушуңузга каршы болгон экен. Эмнеге?

— Бул кесиптин түйшүгүн билген окшойт. Баласынын журналист болуусун ошол себептен каалабаса керек. Атамдын каршы болгонуна карабай, мына, үч жылдан бери журналистикада жүрөм. Бирок мен деле балдарымдын журналист болуусун каалабайт элем.

— Анан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин экономика факультетин аяктадыңыз…

— Мектепти бүткөндөн кийин акча чогултуп, 2-3 жылдан кийин анан окуйм деп чыккам. Ата-энем ошондой да болмок беле деп үйдө ызы-чуу болгон. Себеби мен журналист же хирург болууну каалагам. Учурунда журналистикага баруума атам каршы болсо, медицинага болсо акчам жеткен жок. Ошентип окууга тапшырыш керек болуп эле экономика бөлүмүндө окуп калгам. Чынында азыр экономист болуп иштеген жокмун, иштегим да келбейт. Элдин керегине жарап, коомдук иштер менен алектенгенди жакшы көрөм. "Не сахар" автордук долбоорумду алып чыгуумдун себеби да ушул болду окшойт.

Экономист, журналист, правозащитник Эрулан Кокулов на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Көкүлов: бир кишиге зыяным тийип жаткан болсо, демек, жок дегенде 10 миңдей адамга пайдам тийип жатат деп эсептейм

— Сиз телевидениеге келгенге чейин көптөгөн жерлерде иштегениңизди айткансыз. Официант, кассир, курулушта, жарнама агенттигинде, ал тургай күзөтчү катары өзүңүздү сынап көргөн экенсиз. Ошол учурлар тууралуу кеп кылсак, кандай турмуштук тажрыйба берди?

— Мектепте окуп жүргөндө эле иштечүмүн. Күзөтчү болуп бир эле күн иштеп көрдүм. Негизи сабакты ортодон жогорураак окуган бала элем. Эрке чоңойгондуктан каалаган нерсемди кылып өстүм. Ошондон улам өзүнүкүн бербеген мүнөзүм калыптанды окшойт. Кыргызда орто окууну бүткөндөн кийин дароо жогорку окуу жайда кайсы бир кесипти өздөштүрүп чыгыш керек деген талап же түшүнүк бар. Албетте, бул туура ой, бирок шашылбаш керек. Кээ бир адамдар өз кесибин 20-25 жашында тапса, айрымдары 30-35 жашка келгенде ким болорун билет экен. Менимче, мындай талап болбой эле койгон жакшы болот. Эмне себептен окуп жатканын билбеген студенттен жакшы деле адис чыкпайт.

— Казакстанда да көп жыл жүрүп, ал жакта да кызык окуяларга туш болгон экенсиз. МАИ кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерин айтып чыктыңыз эле…

— 2008-2009-жылдары иштеп барып калдым. Жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөр Кыргызстандын номери менен жүргөнүмдү көрүп орой мамиле кылышчу. Бир топко чейин чыдап жүрдүм. Бир күнү жетишет дедим. Казакстандын жол кыймылынын эрежелери, мыйзамы менен тааныштым. Андан кийин мыйзамсыз иш-аракеттерин камерага тартып, өз укугумду айтып, тарбиялап, кайра 3-4 жылдай алардын сазайын бердим. Менин унаамды Алматыда таптакыр токтотпой калганга чейин барышкан. Ал кезде жаш элем, кайра патрулдук машиналарды кууп алган күндөр болгон.

— "Не сахар" автордук долбооруңуз кандайча баштап калдыңыз? Аталышын да өзүңүз ойлоп тапкан экенсиз.

— Ооба, аталышын ойлонуп жатып столдун үстүндөгү кумшекерди көрүп эле ага "не" деген сөздү кошуп койгом. Ошол учурда кийин аталышы менен мазмуну ушунча дал келип, жарашып каларын деле билбептирмин. Долбоорду баштаганымдын себеби баягы эле өзүнүкүн бербеген мүнөзүм, акыйкатсыздык түрткү болду. Мындан 5-6 жыл мурун уяттуу жерге конокко баратып супермаркеттен торт алып барсам, көгөрүп кетиптир. Кайра чеги менен алып барсам, күзөтчүлөр түртүп чыгарып коюшту. Ушул сыяктуу окуялар көп эле кайталанды. Бир жолу апама орой мамиле кылгандарына күбө болдум. Ошондон кийин алгач активист катары соода борборлорун, тамактануучу жайларды камерага тартып баштадым. Көп мыйзамсыз иштерди көрдүм. Аны менен күрөшүү керектигин түшүндүм. Мурда колдонуучулар өз укуктарын билишчү эмес, укугун коргой да алышчу эмес. Азыр товар жараксыз болсо кайра өткөрүп салуу оңой. Мурда мушташсаң да алчу эмес. Чынында долбоордун артынан кыйла эле көп нерсе өзгөрдү. Муну эл байкадыбы, мага ошол кызык.

Экономист, журналист, правозащитник Эрулан Кокулов
© Фото / из личного архива Эрулана Кокулова
Көкүлов: эгер сенин жасаган ишиңдин жыйынтыгы бир гана пайда алып келерин билсең, эч качан токтобошуң керек

— "Не сахарга" чейин колдонуучулардын укугун коргоо максатында видео тартып, өзүңүзчө иш алып барып жатпадыңызбы. Эки долбоордун ортосунда айырмачылык болдубу?

— Жок, аталышы эле башка болгону эле болбосо калганы окшош. Албетте, кесипкөйлүгүм өстү, сапат өзгөрдү. Мурда камеранын артында болуп, өзүм тартчумун. Азыр камеранын алдында жүргөнүмө 12 жыл болду. Бул да болсо тажрыйбамды курчутту. Башында долбоорду эл начар кабыл алды. Телефон чалып сөгүштү, жолугууга чакырышты. Кийинчерээк кылган ишимди түшүнүштү. Алгач долбоорго 99 пайыз негатив ой айтылса, азыр адамдар 99,9 пайыз оң көз карашта.

— Долбоор башталганда сизди таң калтырган нерселер көп болсо керек. Кыжырыңызды катуу кайнатканы эмне болду?

— Эл элди ойлобой калды. Акча үчүн адамдар бардык нерсеге барып, баарын кыла турган болуп калыптыр. Бул абдан жаман нерсе. Эгер калк арасында ушундай адамдар көп болсо, анда коом өнүкпөйт. Себеби мындай элдин ден соолугу начар, ар дайым жетишсиз турмушта жашайт.

— Кызмат көрсөтүү же сатууга байланыштуу жийиркеничтүү кадрларды көп көрсөтөсүз. Коркутуулар же видеону өчүрүп салуу боюнча сурануулар болобу?

— Азыр андай нерселер чанда. Акыркы жолу видеону чыгарбай эле койбойсуңарбы, биз баарын оңдойбуз деген сурануу болгон. Мен жазалоочу орган эмесмин. Ар бир чыгарылышты тартып жаткан учурда съемкага каршылык көрсөткөн ээлерине "силер эл үчүн иштейсиңер, демек, эл кантип иштеп жатканыңарды көрүшү керек" деп айтам. Мен бул видеону чыгарсамбы же чыгарбай эле койсомбу деп өзүмчө чечим чыгара албайм. Аны үйүмө алып келип коюп коюш үчүн тартып жаткан жокмун да. Бул элдин талабы, меники эмес.

— Долбоордун артынан көп жаман сөздөрдү уктуңуз. Негатив адамга жакшы деле таасир этпейт. Ишти таштап салгыңыз келген учур болду беле? Мотивацияны кайдан аласыз?

— Элим берет. Азыр мен элдин эрке баласымын десем болот. Учурда маек берүү мен үчүн кошумча жумуш болуп калды. Жакшы сөзүн арнап, каалоо-тилегин айткан адамдар көп. Ал эми долбоорду таштап салууну ай сайын ойлоном. Ушул долбоор чыккан үч жыл кандай өткөнүн айтып берүү кыйын. Аябай оор болгон десем да жеңил айтылып жатат. Биринчиден, үйдөгүлөр, анан туугандар, жадагалса жакын досторуң түшүнбөйт. Башкаларды айтпай эле коёлу. Эгер сенин жасаган ишиңдин жыйынтыгы бир гана пайда алып келерин билсең, эч качан токтобошуң керек. Менин бир кишиге зыяным тийип жаткан болсо, демек, жок дегенде 10 миңдей адамга пайдам тийип жатат деп саначумун. Жогоруда айткандай эле 99 пайызы мени колдочу эмес. Жакшы комментарий уксам же окуп калсам "лайк" басып, жооп бере калып, тимеле жыргап кетчүмүн. Мен ушул жасаган ишимди кийин адамдар түшүнөрүн билип, аягына чейин бардым. Ортодо долбоор чыгып жаткан канал жабылып, колдоо издеп барбаган ишкер, укпаган сөзүм калган жок. Мен аябай намыскөй кишимин. Ошол учурда намысымды жыйыштырып болгону техникалык жардам, оператор отурган кичинекей эле офис болсо, мага эч нерсенин, айлык акынын кереги жок, бекер эле иштейм деп сурандым. Ошентип жардам күтүлбөгөн жерден келди. Иним Нурсултан бир жыл долбоорго көмөктөштү. Экинчи ирет жабылайын деп жатканда Lights Creative Group студиясынын колдоосу менен долбоор чыга баштады. Азыр мен чыгарылышты алып баруучу катары гана тартып келем. Калган жумушту ушул студия алып барат.

Гражданский активист Эрулан Кокулов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Көкүлов: калк арасында акча үчүн баарына даяр адамдар көп болсо, анда коом өнүкпөйт. Себеби мындай элдин ден соолугу начар, ар дайым жетишсиздикте жашайт

— Элдин көпчүлүгү сизди Санитардык-эпидемиологиялык станция жасашы керек болгон ишти жасап жатат, жадагалса адамдар ошол кызматтын башчысы болушу керек деп жатышты. Негизи бул кызмат дагы текшерүүлөрдү жүргүзөбү? Эмне үчүн алар сиз аныктап жаткан кемчиликтерди байкабай жатышат?

— Алар буга чейин деле иштеген эмес. Азыр деле иштегенин көрбөйм. Интервью, тегерек столдорго барганда алар менен жолугуп эле турам. Менин суроолорума жооп бере алышпайт. Демек, иш аткарылган жок да, туурабы? Мени мактанчааксың, бетпаксың деп айтышат. Иштеген адам ошондой болот. Себеби айта турган нерсеси бар. Мен кылып жаткан иштердин 40 пайызын YouTube каналыма чыккан чыгарылыштан көрсөңүздөр болот, ал эми 60 пайызы камеранын аркасында калат. Ооба, мен Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда айлык албай иштеп береримди да айттым. Бул структурада мен үчүн үч ай жетиштүү болмок. Чынында жардам гана бергим келди. Ойлоп көрсөм эч кимдин деле иштейин деген ою жок окшойт.

— Анализ кылууга мүмкүн болду беле, сиздин чыгарылыштардан кийин канчасы жакшырды?

— Негизинен жалпы картина өзгөрдү. Мен барбаган жайлар да өзүнөн-өзү оңолуп түзөлүштү. Бул абдан кубандырат.

— Сизге мамлекеттик кызмат сунушталып, саясий партиялардан кандайдыр бир сунуштар келип түштүбү?

— Болгон. Азыр шаардык кеңеште иштөө оюман кайттым. Ага убакыт короткум келбейт. Анын ордуна "Не сахар" долбоорун алып барсам, көбүрөөк пайдам болот окшойт. Бирок Жогорку Кеңешке депутаттыкка барам.

— Окуучуларыңыз менен сулуулук салондорун, стоматологиялык борборлорду, жеке клиникаларды текшерген жаңы дагы бир долбооруңуз бар экен. Ал кандай аталат?

— Ооба, "Бал шекер" долбоору бар болчу. Бирок, тилекке каршы, жакшы алып баруучу жок болгондуктан токтоп турат. Эгер жөндөмдүү алып баруучу тапсак улантабыз. Азырынча ондой чыгарылыш тартылган. Мындай берүүлөр да көп чыгышы керек. Кыргызстанда текшере турган нерсе толтура.

— Акыркы маалыматтар боюнча, долбоорду башка бирөөгө тапшырып берем же токтотом деп айтып калдыңыз. Эмнеге?

— Ооба, декабрда кетем. Анткени бул абдан оор жумуш, стресске көп кабыласың, көйгөйлүү суроо көп. Адамдын организми түбөлүктүү эмес экен. Ошол себептен элге жардам бере турган жеңилирээк башка долбоорго өтөм. Ачыгын айтканда, чарчадым. Окуучуларым бар. Өздөштүрүп, алып кетишет.

Экономист, журналист, правозащитник Эрулан Кокулов
© Фото / из личного архива Эрулана Кокулова
Көкүлов: алдыда таза тамак өндүргөн жер ачам же ушундай жайларга кошулуп иштейм

— Укуктары бузулган учурда адамдар эмне кылышы керек?

— Эң биринчи катачылыгыбыз — биз өзүбүздүн укугубузду билбейбиз. Мен интернеттен окуп, таанышам. Укугубузду билгенден кийин гана кимге, эмнеге кайрылыш керек тууралуу ойлонуш керек. Бул жаатта Экотехинспекция, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, Антимонополия кызматы иш алып барат. Бул кызматтарга туура, так, өз учурунда кайрылганды үйрөнсөк, "Не сахар" сыяктуу долбоорлордун кереги деле жок болуп калат.

— Сиз долбоордо мөөнөтү өтүп кеткен тонналаган азык-түлүктөрдү таап чыгып, айрым азыктардын мөөнөтү алмаштырылып кайра жасаларын көрсөттүңүз. Окурмандар арасында ошол жеген азык организмге канчалык зыян болду экен деп кайсынысы кандай таасир этип, анын кесепети кандай болоруна кызыккандар бар. Бул тууралуу маалымат берилиш керек го дейм…

— Бул абдан татаал нерсе. Көпчүлүк мөөнөтү өтүп кеткен азыкты жегенде дароо ууланып, кусуп, ичи ооруп, температура болуп жатып калат деп ойлошот. Жок, андай эмес. Терс таасири бара-бара билиниши мүмкүн. Негизинен ичеги-карын тамакты сиңирүү процессинде көп энергия сарптайт. Өзүңүз байкагандай эле тамактангандан кийин уйку келе баштайт эмеспи. Ал эми бузулган азыкты жегенде андан да көп энергия кетет. Экинчиден, мындай азыкта бактерия да көп болот. Абдан таттуу тамак-аштын мөөнөтү узак эле болот. Бирок мөөнөтү өткөн азыкты жесе болобу же болбойбу, чет мамлекеттердеги лабораторияларда бул нерсе изилденет. Азыктын бактериялык өнүгүшү кандай, ага жараша мөөнөтү узартылат. Биз мөөнөтү өткөн тамакты жеп жатканыбызды билбей калышыбыз ыктымал. Бирок кесепетин көрүп эле жатпайбызбы. Канча баланын диагнозу оор болуп, дарылануусуна акча чогултулуп жатат. Бир эле блогерге күнүнө 5-6 адам жардам сурап кайрылат. Мындай көрүнүштөр дүйнө жүзүнүн баарында эмес, бизге окшогон кээ бир мамлекеттерде болуп жатат.

— Эми өзүңүз тууралуу кеп кылсак. Бош убактыңызды кандай өткөрөсүз?

— Күнүгө ар кандай мыйзамдарды окуу менен алекмин. Ал эми азыр китеп окубайм. Мурда жетиштүү деңгээлде эле тытып окудум. Азыр мен адамдар менен сүйлөшкөндү жактырам. Ушундай чарчайм десеңиз, көчөдөгү адамдар менен деле сүйлөшкүм келип калды. Чер жазыш керек, болбосо жашоо оорлоп баратат. Жумасына эки жолу баскетбол ойнойм, велосипед тебем. Спорт залга абонементим бар, бирок убакыттын тардыгынан бара албай жүрөм. Эртең сөзсүз барам деп жүргөнүмө эки ай болду.

— Алдыга кандай план коюп жатасыз?

— Таза тамак өндүргөн жер ачам же ушундай жайларга кошулуп иштейм. Анткени мага эл "Эрулан, сен бүт жерге барып алып эле урушуп, болгон нерсени чыгара бересиң, кай жерден тамактанарыбызды билбей калдык" дешет. Ошол жайлардын альтернативасын түзүп берем.

— Жыйынтыктоочу суроо болсун. Ооруп калганыңызды айттыңыз. Баары жакшы элеби?

— Капыстан айтып алдым. Эл билбей эле койсун дегем. Оозуман чыгып кетти. Ал күнү Баткенге кетип баратып кечки ондордо чарчап маекке барган элем. Ооруп да жаткам. Кадимкидей эле айыга турган, катардагы оору. Буюрса, баары жакшы болот!

1351
Белгилер:
Эрулан Көкүлов, маек, кесип, журналист
Тема боюнча
Көкүлов: баланы кесип тандоодо шаштырбагыла
Сатыбалдиева: консервада ботулизм таякчасы бар экени даамынан билинбейт
Суши. Архив

Бишкектеги массалык уулануу. Жабыркагандардын саны 253кө жетти

22
(жаңыланган 13:42 27.10.2021)
Уулангандар массалык түрдө ооруканага кайрылып жатканы тууралуу өткөн дем алышта белгилүү болгон. Ошондон бери жабыркагандардын саны улам өсүп жатат.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Тамактан ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны 253кө жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Ооруканага Бишкектин гана эмес, Чүй облусунун тургундары дагы кайрылууда. Кечээ күнү уулангандардын саны 179 болчу.

Уулангандардын 60ы ооруканада дарыланууда:

  • Темир жол ооруканасында — 19;
  • № 3 шаардык клиникалык балдар ооруканасында — 18;
  • Улуттук госпиталда — 23.

Баарынын абалы канааттандырарлык. Калганы медициналык жардам алган соң үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Эске салсак, 24-октябрда тамакка ууланып 12 адам Темир жол ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнө түшкөн. Анын үчөө жаш бала. Бейтаптар ооруканага 23-24-октябрь күндөрү келе баштаган. Санэпидкөзөмөл уулангандар Бишкектеги "Империя пиццы" кафесинин төрт филиалынан ролл жегенин кабарлаган. 25-октябрь күнү уулангандардын саны 85ке жеткен. Ал эми кечээ, 26-октябрда, жабыркагандардын саны 179га өскөн. Алардын 18и балдар.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги 25-октябрдан тарта ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны боюнча маалыматтарды берип жатат. Бирок пресс-релизде жабыркагандар кайсы жерден жана кандайча ууланганы так көрсөтүлгөн эмес. Болгону "Бишкектеги массалык уулануу" деп жазылган.

Бул окуяга байланыштуу "Империя пиццы" кафесинин бардык филиалдары убактылуу жабылды. Муну менен катар Кыргызстанда тамак-аш саткан объектилерди текшерүүгө киргизилген мораторий жокко чыгарылды.

Кафенин филиалдарынын администрациясына жалпы суммасы 30,5 миң сомдук беш протокол түзүлдү.

22
Белгилер:
Бишкек, Чүй облусу, уулануу, кафе, протокол, мораторий, ролл
Тема:
Бишкектин кафесиндеги массалык уулануу
Тема боюнча
Жалал-Абаддагы тойдо 124 киши этке ууланып, 16сы ооруканага түштү
Ребенок проходит тест на COVID-19. Архивное фото

Баланын коронавирус менен ооруп жатканын кантип билсе болот? Сейрек белгилер