Кыргызстан Россиянын "Спутник Лайт" вакцинасын каттоого алды 

© AFP / VLADIMIR SIMICEKМедициналык кызматкер COVID-19 каршы Спутник V вакцинасы менен
Медициналык кызматкер COVID-19 каршы Спутник V вакцинасы менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Жазылуу
Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасынын эффективдүүлүгү эмдөөнүн 28 күнүнөн тарта 79,4 пайызга жетет.
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. 21-июнда Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Дары-дармек жана медициналык жабдуу департаменти Россиянын бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасын каттады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. 
"Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасынын эффективдүүлүгү эмдөөнүн 28 күнүнөн тарта 79,4 пайызга жетет. Бул учурда текшерилгендердин 96.6 пайызында IgG антителосу, 91,67 пайызында вирусту алсыздандыра турган антитело пайда болору аныкталды. 80 пайыз учурда анын таасири эки компоненттүү вакциналардан дагы күчтүү экени белгилүү болду", — деп жазылат маалыматта. 
Вице-премьер Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Эмделбесе айлык албайт! Жапаров мамлекеттик кызматкерлерге шарт коюуну сунуштады
"Спутник Лайт" Гамалея борбору Россиянын Түз инвестициялар фонду (РФПИ) менен биргеликте иштеп чыккан "Спутник" вакцина топтомуна кирет.
Кыргызстан Россияда коронавируска каршы биринчи өндүрүлгөн "Спутник V" вакцинасын 2021-жылдын февраль айында каттоого алган. Аталган вакцинаны дүйнөдөгү 67 мамлекет жактырган. Анын натыйжалуулугу 97,6 пайыз деп бааланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0