Кыргызстанда баңгиликтен 8,5 миң адам дарыланып жатат. Аймактар

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүМедайым ооруканада бейтап менен. Архив
Медайым ооруканада бейтап менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2021
Жазылуу
Өлкөдө баңгизат пайдалангандардын 61 пайызы инъекциялык ыкмасын колдонушат. Негизинен булар героинден көз каранды. 31 пайыздан ашыгы кара куурай чегет.
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Кыргызстандын наркологиялык мекемелеринде баңгизаттан көз карандуулук менен жабыркаган 8,5 миң адам жатат. Алардын ичинен болжол менен 6 пайызы аялдар экенин 2020-жылдагы маалыматка таянып Улуттук статистика комитети жазды.
Ага караганда, баңгизат пайдалангандардын 61 пайызы инъекциялык ыкма колдонушат. Негизинен булар героинден көз каранды. 31 пайыздан ашыгы кара куурай чегет.
Марихуана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Эки литрлик төрт желим бөтөлкө. Казакстандан Кыргызстанга баңгизат ыргыткандар
Баңгизатты өлкөнүн бардык аймактарында колдонушат, бирок андан көз карандылардын көбү Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жашайт. Мунун кесепетинен Чүй менен Бишкекте баңгизатка байланыштуу кылмыш дагы көп болот. Тагыраагы, былтыр анын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланыштуу 1 110 кылмыш жана жорук катталса, алардын 23,2 пайызы Бишкекте, 22 пайызы Чүйдө болгон. Үчүнчү орунда Жалал-Абад (16,3 пайыз) облусу турат.
Эске салсак, бүгүн, 26-июнь, Баңгизатка жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул күн 1987-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын ишмердүүлүгүн чыңдоо жана баңгиликтен арылткан дүйнөлүк коомчулукту түзүү чечкиндүүлүгүнүн далили катары негизделген.
Жаңылыктар түрмөгү
0