Жандай көргөн аялым башка динге кирип чыкпай... Ажырашкан жигиттин каты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМусулман намаз учурунда. Архив
Мусулман намаз учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына жакшы көргөн аялы башка динде болгондуктан ажырашып жаткандыгын айткан жигит кайрылган.
Саламатсыздарбы! Менин жашым 35те. Жубайым экөөбүздүн эки кызыбыз бар. Бири-бирибизди сүйүшүп жүрүп үйлөнгөнбүз. Тилекке каршы, баш кошкондон кийин аруу сезимдерибизди сактай албай, ажырашууга туура келди. Учурда экөөбүз эки бөлөк жашаганыбыз менен дайым байланыштабыз. Балдарым жарым ай менин үйүмдө болсо, жарым ай энесиникинде жүрүшөт. Экинчи ирет үйлөнөйүн деп көп аракет кылдым, бирок балдарымды катуу жакшы көргөндүктөн башка менен баш кошо албай койдум. Жубайыма болгон сезимдерим дагы деле өчө элек. Ажырашканыбыздын себеби туткан динибиз болду. Мен мусулман болсом, ал башка динде. Үйлөнгөндөн кийин өз диниме өткөрүп алам деп ишенгем. Бирок андай болгон жок. Жума сайын эле чогулуштарына кете баштады. Анысына барбаса болбойт экен. Ушундан улам үйдө чыр чыгып, бири-бирибизге катуу сөздөрдү айтып бетибиз ачылып калды. Ызама чыдабай ага кол көтөргөнгө чейин бардым. Акыры тилдешип урушмай адатка айланды. Бири-бирибизди көргөндө сиркебиз суу көтөрбөй, акыры ажыраштык. Кийин жарашып кайра ажырашмай дагы адат болуп калды. Ата-энем, тууган-туушкандарым да жубайымдын башка динде экенин жактырышпайт. Балдарга тескери тарбия берип жатат дешип, андан толук кол үзүшүмдү күтүп жүрүшөт. Энем аны үйгө киргизбейм деди. Аялым болсо көгөрүп өз дининен чыкпай, керек болсо мени ал жакка өткөрүп алууга аракет жасай берет. Жашоомдун бир барагын жаап, экинчисине өтүүгө убакыт келди окшойт. Кеп-кеңешке муктаж болуп турам.

Психолог Саадат Сыдыкова:

— Катта жазылгандай сиздер буга чейин да бир нече ирет ажырашып, кайра жарашкан экенсиздер. Түгөй катары бири-бириңиздерди толук кабылдап, орток бир чечимге келе албай жаткан окшойсуздар. Бирок экөөңүздөр тең бири-бириңиздерди өз тарабыңыздарга өзгөртүүгө аракет кылып жатканыңар байкалат.
Бул үй-бүлөдөгү негизги көйгөй — жубайлардын эки башка динди тутунганында. Сиздер бири-бириңиздердин шартыңарды толук кабыл албасаңыздар да, жашоодогу көз караш, тандооңуздарга тоскоол жаратпоого аракет кылсаңыздар мүмкүн жакшы болмок.
Аялдар көчөдө сейилдеп жүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2021
Кайнатам эжемди экинчи аялым бол деп жанын койбой... Ызаланган келиндин каты
Аялынын диний чогулуштарга кеткени жолдошуна жакчу эмес экен. Келинчегиңиз үйдөгү бардык жумуштарга жетишип аялдык милдетин так аткарып жатса, аны да түшүнүү менен мүмкүн жиберип коюуга болор. Бирөөнүн тутунган динине туугандардын киришүүсү бир аз одоно болуп калат.
Жубайлар үй-бүлөлүк жашоосун өздөрү гана чечүүгө аракет жасашса болмок. Мындай талаш маселелерди кандай шартта, кайсы нукта чечүү эң ириде бул аял менен күйөөнүн маселеси. Мындан улам балким өз ара эч кимди кийлигиштирбей эле чечип аларсыз.
Табышып, кайра алыстап жүрө бербестен аялыңыз менен чогуу психологго барып көрүңүз. Дин маселеси өтө опурталдуу, таңуулаган болбойт, башка динге адам өз каалоосу менен өтүшү керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0