Марипов: ишкерлердин көйгөйүн чечүү үчүн өзгөчө кырдаалда иштейбиз

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов. Архив
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2021
Жазылуу
Марипов экономикалык оор кырдаалга кептелип турган учурда ишкерлерге өзгөчө колдоо керектигин белгилеген.
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Бизнеске шартты канчалык жакшы кылып түзүп берсек, өлкөнүн экономикасы ошончолук өнүгөт. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында айтты.
"Жаңы Баш мыйзамга ылайык, Кыргызстанда экономикалык ири реформаларды жүргүзүү зарылдыгы турат. Андагы башкы багыттардын бири бизнести уруксат берилбеген текшерүүлөрдөн, негизсиз кийлигише берүүдөн, басып алуудан сактоо керек. Бул тартип коргоо органдарынын абийирсиз өкүлдөрү тарабынан да жасалышы мүмкүн. Жаңы Салык кодексинде кабыл алынып калган бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу, мамлекеттик активдерди жеке секторго берүү, экспортту арбытуу жана капитал рыногун эркин кое берүү боюнча иштер турат", — деген ал.
Андан сырткары, бүгүнкү экономикалык оор кырдаалдын фонунда ишкерлерге өзгөчө колдоо керектигин белгилеген.
Высоковольтные линии электропередач  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Жапаровдон кагуу жеген министрлик эки күндө чакан ГЭС боюнча келишим түздү
"Ушул тапта экономикалык абалыбыз өтө оор, өлкөдөн инвестиция агылып чыгып кетип жатканы байкалууда. Мындай абалдан улам министрлер кабинети бизнес менен ишкерлердин көйгөйүн чечүү үчүн өзгөчө кырдаалда иштейт", — деген Марипов.
Апта ортосунда президент Садыр Жапаров ар кыл тармакта өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ата мекендик ишкерлер менен жолугуп, алардын көйгөйүн угуп, суроолоруна жооп берип, бир катар маселелерди ошол жерден чечкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0