Жолдун туура жеринен өткүлө! Эки күндө 140 жөө кишиге айып салынды

© Sputnik / Табылды КадырбековАял жолдон отүп бара жатат. Архив
Аял жолдон отүп бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2021
Жазылуу
Жылдын башынан бери жөө жүргөндөр кабылган 542 автокырсык катталган. Мындай статистикадан кийин эки күндүк рейд өткөрүлгөн.
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Борбор калаада эки күн ичинде жол эрежесин бузган 140 жөө адам айыпка жыгылды. Бул туурасында Кайгуул милициясынын башкармалыгынан кабарлашты.
Жылдын башынан бери жөө жүргөндөр кабылган 542 автокырсык катталып, жарым миңден ашуун адам (588) ар кандай жаракат алышкан.
Маалыматта жөө жүргөндөр да, айдоочулар да жол эрежелерин сактабаганы айтылган. Мындай статистикадан кийин "Пешеход" деп аталган рейд жарыяланган. Эки күндүн ичинде 1,8 миң адам эреже бузган.
Рейддин жыйынтыгы:
  • Айдоочулар жөө адамды жөө кишилер үчүн чийилген жерден өткөрбөй койгону үчүн 80 протокол түзүлүп, айып салынган (ар бир айып — 3 000 сом);
  • Жолдун туура эмес жеринен өткөнү үчүн 140 протокол толтурулган (айып — 1 000 сом);
  • Мас болуп автоунаа айдагандарга 26 протокол түзүлгөн;
  • Айдоочулук күбөлүгү жок рулга отургандарга 32 протокол жазылган;
  • Башка эреже бузуу — 1 498.
Эреже бузганы үчүн жалпысынан 137 автоунаа айып короого токтотулган.
Жаңылыктар түрмөгү
0