Келерки аптада аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу

© AFP / JORGE GUERREROКыз ысык мезгил учурунда. Архив
Кыз ысык мезгил учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2021
Жазылуу
Кээ бир жерлерде түнкүсүн эмес, күндүз жаан жаай турганы болжолдонду. Ошондой эле жаан адаттагыдай тоолуу райондордо болмокчу.
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, кээ бир жерлерде күндүз жаан жаай турганы болжолдонду.

Чүй облусу

28-29-30-июнда жана 1-2-3-июлда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Бишкек

27-30-июнда жана 1-3-июлдарда жаан-чачын жаабайт, күн ачык болот.

Талас облусу

Россияда кеңири таанымал блогер Арсений Котов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2021
Көксөгөнүмдү Кыргызстандан табам деп ойлогон эмесмин! Россиялык фотографтын маеги

27-28-июнда жаан жаабайт. 29-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, бирок күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

30-июнда, 1-2-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 2-июлда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
3-июлда түнкүсүн жаан жаабайт, ал эми күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жамгыр жаашы болжолдонду.

Ош облусу

28-29-30-июнда жана 1-2-июлда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жана өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Ал эми 3-июлда күнү да, түнү да тоолуу аймактарда жаан жаайт.

Ош шаары

27-30-июнда жаан 1-3-июлда күн ачык болот.

Жалал-Абад облусу

27-28-июнда жана 29-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 29-30-июнда күндүз жана 1-2-3-июлда айрым жерлерде өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Көлгө түшүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Ысыгыраак болот. Июль айына карата аба ырайы
Баткен облусу
28-29-июнда күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 30-июнда, 1-2-3-июлда түнкүсүн жаан жаабайт, ал эми күндүз тоолуу жактарда жаан жаайт.

Ысык-Көл облусу

28-29-30-июнда жана 1-2-июлда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы болжолдонду. Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 3-июлда кээ бир жерлерде жаан жаайт.

Нарын облусу

Нарында 28-29-30-июнда жана 1-2-июлда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы болжолдонгон. Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 3-июлда кээ бир жерлерде жаайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0