Вакцинанын жардамы тийүүдө. COVID болгон Бейшеналиевдин абалы айтылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСаламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2021
Жазылуу
Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы вакцина алганына карабай, өтүп бара жаткан аптада коронавирус жугузуп алган. Кийин ал эмдөөдө коронавируска каршы антителосу калыптанбаганын айткан.
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. COVID-19 жуктуруп алган саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин абалы канааттандырарлык, ал үй карантининде жатып дарылануусун улантууда. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Маалыматка караганда, ал онлайн-форматта саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери менен жыйындарды өткөрүп, эпидемиологиялык абал боюнча координаторлор менен байланышта.
"Май айынан бери вирус кайрадан күч ала баштаганы белгилүү. Ошондон бери министр аймактарга барып, эл менен жолгуп, "кызыл" зоналарга кирип жүргөн. Бейшеналиевдин өзүнүн айтымында, өнөкөт оорулары бар экенине карабай, вакцинанын жардамы менен COVID-19ду жеңил көтөрүүдө", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы вакцина алганына карабай, өтүп бара жаткан аптада коронавирус жугузуп алган. Кийин ал эмдөөдө коронавируска каршы антителосу калыптынбаганын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0