Тилди тыя билиш керек. Издешпей табышкан Азият Жекшеев менен Наргиза Бекназарова

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваЖурналист, коомдук ишмер Азият Жекшеев менен келинчеги, алып баруучу Наргиза Бекназарова
Журналист, коомдук ишмер Азият Жекшеев менен келинчеги, алып баруучу Наргиза Бекназарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2021
Жазылуу
"Издешпей табышкандар" рубрикасынын бул жолку коноктору журналист, коомдук ишмер Азият Жекшеев менен келинчеги, алып баруучу Наргиза Бекназарова болду.
Түгөйлөр чакан мамлекети, андагы аял менен эркектин орду тууралуу айтып берип, бала тарбиялоо, жубайлар ортосунда мамиле тууралуу ой бөлүштү.
— Кайдан, качан көрбөйүн, балдарыңар дайыма жаныңарда. Өзүңөр эле эмес коомдук иштерге балдарыңарды да активдүү катыштырат окшойсуздар.
Наргиза Бекназарова: — Башынан эле чогуу жүрөбүз. Көпчүлүк "дайыма биргесиңер" деп таң калып, суктанышат. Үч балабызды кайда барбайлы, жүдөбөй эле жаныбызга алып алабыз. Өзүм табиятыман уялчаак, тартынчаакмын. Андай болбой, өтүмдүү болсун деп кыздарымды коомдук иштерге аралаштырганга аракет кылып, бардык жакка түртө берем. Балдарым тасма, социалдык роликтерге тартыла башташты.
Азият Жекшеев: — Келинчегим ушул балдардын келечеги үчүн өзүнүн теледеги карьерасын да жыйыштырып койду.
© Sputnik / Таалайгуль Усенбаева"Издешпей табышкандар" рубрикасынын бул жолку коноктору журналист, коомдук ишмер Азият Жекшеев менен келинчеги, алып баруучу Наргиза Бекназарова болду
Журналист, общественный деятель Азият Жекшеев и телеведущая Наргиза Бекназарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
"Издешпей табышкандар" рубрикасынын бул жолку коноктору журналист, коомдук ишмер Азият Жекшеев менен келинчеги, алып баруучу Наргиза Бекназарова болду
— Ооба, Наргиза Бекназарованы диктор катары таанычу элек. Азыр теледен көрүнбөй калды.
Н.Б.: — Теледен эле кеткеним болбосо, жумуш, үй-бүлө, бала тарбиялоону чогуу эле алып келе жатам. Дикторлуктан балдарыма байланыштуу кеткем. Анткени эфирлердин баары кечинде болот. Бул убакта балдарды мектептен алып, аларды эртеңки сабагына даярдаш керек. Убактысы менин графигиме, шартыма туура келбей калгандыктан, ал жактан кетүүгө туура келген. Азыр ордо калаадагы менчик мектептердин биринде менеджер болуп иштеп жатам. Ал жактан балдарым да көз алдымда, жумуштан, сабактан чогуу чыгып кетебиз. Айтор, өзүмө жаккан, ыңгайлуу жумуштамын.
— Сиздерди дал ушул телевидение табыштырса керек.
А.Ж.: — Ооба, Наргиза менен "5-каналдан" табышканбыз. Ал диктор, мен журналист. Кээде лифттен сүзүшүп калып, көздөр чарт-чурт этип кетчү.
Певец Акбар Суйунбаев и журналист, телеведущая Кундуз Казыбек кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Эркин жүргөн эркек табышкер болот. Издешпей табышкан Акбар менен Кундуз
Негизи адам менен жолукканда биринчи анын сырткы келбетине карайт эмеспизби. Мени Наргизанын көздөрү арбап алган. Башкача, өзүнө тартып турган көз карашы бар эле. Азыр деле ошондой, болгону мен айтпай калдым. Башында эле жактырып калгам, бирок сезимдеримди дароо билдирген эмесмин. Жөн гана кесиптеш катары жазышып турчубуз. Убакыт өткөн сайын бири-бирибизди жакындан тааный баштадык. Мага Наргизанын элге кылган мамилеси, баары менен сылык сүйлөшкөнү жаккан. Ошентип ал-абал сурашып, жазышып жүрүп мамилебиз жакшы болуп кетти. 11 айга чукул дос катары сүйлөштүк. Жамаат эч нерсе билчү эмес. Жумушта кесиптеш катары сүйлөшүп, иш бүткөндөн кийин кыз-жигит болуп жетелешип кетчүбүз (күлүп). Кийин Наргиза экөөбүз үйлөнүп, никебизди кыйдырып келип жумушка той ооз тийгизгенде көбү угуп таң калышкан.
Мен келинчегиме ашык болуп, сүйлөшүп жүргөн кезде көп кызык күндөр өттү. Наргизанын артынан абдан көп жигит чуркачу. Күндө белек, гүл, торттор келет. Анын курбусу менен бир бөлмөдө отурчубуз. Экөө белектерди биз отурган бөлмөгө коюп коет. Баарын көрүп-билип турам да. Кызганып кеткенде жиним келип тортторун жеп койчумун.
© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваНаргиза Бекназарова: Өзүм табиятыман уялчаак, тартынчаакмын. Андай болбой, өтүмдүү болсун деп кыздарымды коомдук иштерге аралаштырганга аракет кылып, бардык жакка түртө берем. Балдарым тасма, социалдык роликтерге тартыла башташты.
Телеведущая Наргиза Бекназарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Наргиза Бекназарова: Өзүм табиятыман уялчаак, тартынчаакмын. Андай болбой, өтүмдүү болсун деп кыздарымды коомдук иштерге аралаштырганга аракет кылып, бардык жакка түртө берем. Балдарым тасма, социалдык роликтерге тартыла башташты.
— Наргиза, көп жигиттин арасынан Азият Жекшеев сизди эмнеси менен арбап алды эле?
Н.Б.: — Мамилеси менен багынткан. Анын элге жасаган мамилеси, улууларга болгон сыйы, адамдык сапаттарына баа бергем. Азияттын өзүн алып жүргөнү жакчу. Эч убакта мени адамдын байлыгы же бийлиги кызыктырган эмес.
— Көп адамдарда "аялым же күйөөм менен бир жерде иштеген жакпайт" дегенин угуп калам. Сиздердин мамилеге бул нерсе таасир эткен жокпу?
А. Ж.: —Мен да бул суроого ар кандай жоопторду угуп келем. Айрымдары жакшы десе, кээ бири жаман дейт. Бирок жеке биз терс жагын көрө алган жокпуз. Жубайлар бир жерде эмес, бир тармактын өкүлдөрү болсо түшүнүү көбүрөөк болот экен. Анткени экөө тең ал тармактын ички ашканасын, ысык-суугун жакшы билишет. Мисалы, ишке байланыштуу командировкаларда көп жүрөм. Эгер Наргиза башка тармактын өкүлү болсо, балким түшүнбөй, кызганып, чала бермек чыгар. Бирок теленин жумушун жакшы билген үчүн андай кылган жок.
Экөөбүз баш кошкондон кийин жамаат ичинде ар кандай кеп-сөз болот, сый бололу деп мен НТС телеканалына которулуп кеттим. Анын үстүнө ага чейин эле сунуш түшкөн. Ошентип Наргиза экөөбүз медиа өкүлү болгонубуз менен эки жерде иштеп калдык. Үлпөт той бергенде эки каналдын кызматкерлери келип, той абдан кызыктуу өткөн.
© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваАзият Жекшеев: Мени Наргизанын көздөрү арбап алган. Башкача, өзүнө тартып турган көз карашы бар эле. Азыр деле ошондой, болгону мен айтпай калдым. Башында эле жактырып калгам, бирок сезимдеримди дароо билдирген эмесмин.
Журналист, общественный деятель Азият Жекшеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Азият Жекшеев: Мени Наргизанын көздөрү арбап алган. Башкача, өзүнө тартып турган көз карашы бар эле. Азыр деле ошондой, болгону мен айтпай калдым. Башында эле жактырып калгам, бирок сезимдеримди дароо билдирген эмесмин.
— Сизди коомчулук "ТВ-Кайгуул" берүүсү аркылуу тааныды окшойт. Бул долбоордун жабылып калышына эмне себеп болду?
А.Ж.: — "ТВ-Кайгуул" берүүсүн эфирге туура беш жыл алып чыктык. Ал чыккандан кийин үч жылдан соң ага окшош берүүлөр пайда боло баштаган. Берүүнү ошондо эле токтотуп салалы деп, бирок жетекчиликтин сунушу менен улантканбыз. "ТВ-Кайгуулдун" башкы максаты жол эрежесин бузгандарды тартипке салуу болчу. Биз ал максатыбызга аз да болсо жеттик деп ойлойм. Долбоор жабылгандан кийин журналисттик иликтөөлөргө көңүл бура баштадым. Андан кийин саясатка баруу чечимин кабыл алып, теледен кеттим.
— Эмнеге саясатка барууну чечтиңиз?
А.Ж.: — Анткени биздин иликтөө, берүүдө айтылган сөздөр, аныкталып, тастыкталган нерселер ошол жерде эле калып калат экен. Асманды карап түкүрүп, түкүрүк өзүңө түшкөндөй эле сезилди. Ошол нерселерди саясатка барып аткарууну туура көрүп, бул жолду тандадым.
— Бул тандооңузду атаңыз Жыпар Жекшеев кандай кабыл алды?
А.Ж.: — Негизинен күткөн. Керек болсо саясатка мени бала чагыман даярдаган. Кичине кезимде атам дайыма шайлоо кампанияларына ээрчитип алчу. Мени мураскер катары даярдаган окшойт.
Атам кокустан эле коронавирустун курмандыгы болуп калды. КТРКдан Байкоочу кеңештен чыгып, саясаттагы иштерин бүт жыйыштырып, эми китеп жазып чыгармачылыкка аралашам деп Көлгө кетеринде илдет илештирип алып, көз жумду. Негизи чыгармачыл адам болчу.
© Фото / представлено Азиятом ЖекшеевымАзият Жекшеев: Ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн көйгөйү, ысыгы-суугу, жакшы-жаманы болот. Үй-бүлөдө жубайлар бири-бирин колдоп, анан түшүнүп турса эле баары жакшы болот деп ойлойм.
Журналист, общественный деятель Азият Жекшеев и телеведущая Наргиза Бекназарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Азият Жекшеев: Ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн көйгөйү, ысыгы-суугу, жакшы-жаманы болот. Үй-бүлөдө жубайлар бири-бирин колдоп, анан түшүнүп турса эле баары жакшы болот деп ойлойм.
— Арты кайырлуу болсун. Наргиза, сиз үчүн мындай беделдүү адамдын келини болуу кыйынга турган жокпу? Жыпар Жекшеевдин уулуна турмушка чыгарда кандай ойлор келди эле?
Н.Б.: — Азияттын белгилүү саясатчынын уулу экенин башында билген эмесмин. Бирок ал нерсе маанилүү эмес деп ойлойм. Атам абдан жөнөкөй киши болчу. Үйдө эч ким жокто, жумуштан эрте келип калса мага жардамдашып, акыл-насаатын айтып, абдан жакшы кайната болду.
— Азият Жекшеев "ТВ-Кайгуул" берүүсүн даярдап жүргөндө коркутуулар болгонун укчубуз. Үй-бүлө, мамилеге кедергисин тийгизген жокпу?
Театр өкүлдөрү Илим Калмуратов менен Гүлжамал Мамытбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2021
"Айга-күнгө теңегис". Издешпей табышкан Илим Калмуратов менен Гүлжамал Мамытбекова
Н.Б.: — Ал жагынан оор эле болду. Уйкусуз түндөр өттү. Коркутуулардын жарымын айтса, сарсанаа болбосун деп жарымын жашырып коет. Бирок сезчүмүн. Сырттан аңдып, үйгө чейин келгендер болду. Албетте, мындай учурда балдарың болгондон кийин коркосуң. Дайыма сак жүрчүмүн. Кайда жүргөнүмдү Азиятка чалып кабарлап турчумун. Азият деле, мен деле "ТВ-Кайгуул" бүткүчө кызматта жүрдүм.
Бирок ага "берүүңдү токтот" деп айткан жокмун. Айрым жерден курч жазып же катуу кетип баратса эскертип, кеңештеримди берчүмүн. Жолдошумдун эмне жумуш жасап жатканын, максаттарын билгенден кийин колуман келген колдоону гана көрсөттүм.
— Үй-бүлө деген чакан мамлекеттин пайдубалы бекем болуш үчүн жубайлар эмне кылышы керек деп ойлойсуздар. Аял менен эркектин орду кандай болушу керек?
А.Ж.: — Ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн көйгөйү, ысыгы-суугу, жакшы-жаманы болот. Үй-бүлөдө жубайлар бири-бирин колдоп, анан түшүнүп турса эле баары жакшы болот деп ойлойм. Мен келинчегиме "аны кыл, бул жакта иште" деп талап койгон эмесмин. Тескерисинче, "иште"деп турам. Биздин үйдө демократия. Жубайым да менин жумуштарыма кийлигишкен эмес. Үй-бүлөнүн байлыгы балдар да. Алардын келечегине басым жасап, болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз.
Н.Б.: — Мен деле Азияттын оюна кошулам. Жубайлар жакшыны да, жаманды да көтөрө билиш керек деп ойлойм. Анан тилди тыйганды билиш керек. Адамдын ачуусу келип турганда ар кандай кеп чыгып кетиши ыктымал. Бирок сөздү кайтара албайсың, жарыңдын көңүлүн оорутуп алышың мүмкүн. Ошол себептен тилди тыйсаң үйдө таарынышуу, көңүл калуу, чыр-чатак болбойт.
© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваНаргиза Бекназарова: үй-бүлө курганда эки тараптын тең укуктары бирдей болушу керек. Эки тарап тең жоопкерчиликти алганы жакшы.
Журналист, общественный деятель Азият Жекшеев и телеведущая Наргиза Бекназарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Наргиза Бекназарова: үй-бүлө курганда эки тараптын тең укуктары бирдей болушу керек. Эки тарап тең жоопкерчиликти алганы жакшы.
— Кыргызда "аял жакшы — эр жакшы, увазир жакшы — хан жакшы" деген кеп бар эмеспи. Айрымдар үй-бүлөнүн бекемдигин сактоодо аялдын ролу көбүрөөк деп айтышат. Наргиза, буга кошуласызбы?
Н.Б.: — Эки адамдын тең ролу маанилүү деп ойлойм. Айрыкча, үй-бүлө курганда эки тараптын тең укуктары бирдей болушу керек. Эки тарап тең жоопкерчиликти алганы жакшы.
А.Ж.: — Жогоруда айтып өткөндөй, биздин үй-бүлөдө демократия басымдуулук кылат.
— Казан-аяк кагышканда кырдаалдан кантип чыгасыңар?
А.Ж.: — Экөөбүз эки жакты карап тултуюп отуруп алабыз (күлүп). Анан балдарыбыз келгенде баарын унутабыз. Мен коомдук иш, жумуш деп эки жакта көп жүрүп балдарым Наргизага абдан жакын. Апасынын кабагын эле карап турушат. Бир аз маанайы түшүп калса эмне болгонун сурай башташат.
Н.Б.: — Бирок Каныкей атамды көбүрөөк жакшы көрөм деп айтат.
А.Ж.: — Ооба, кызым мага жакын.
© Фото / представлено Азиятом ЖекшеевымАзит Жекшеев: балдарым Наргизага абдан жакын. Апасынын кабагын эле карап турушат. Бир аз маанайы түшүп калса эмне болгонун сурай башташат.
Журналист, общественный деятель Азият Жекшеев и телеведущая Наргиза Бекназарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Азит Жекшеев: балдарым Наргизага абдан жакын. Апасынын кабагын эле карап турушат. Бир аз маанайы түшүп калса эмне болгонун сурай башташат.
— Азыр баланын билими, тарбиясына ата-энелер өзгөчө көңүл бургандай сезилет. Сиздер бала тарбиялоодо эмнеге басым жасап, кандай ыкма колдоносуздар?
А. Ж.: — Үйдө тартипти талап кылган мен. Балдарды катуураак кармайм. Апасы болсо аларга эркиндикти көбүрөөк берет. Ар кандай ийримдерге берип, тилин таап сүйлөшүп, алардын психологиясын жакшы түшүнөт.
— Балдарга кандай ата-энебиз деп ойлойсуздар?
Актер Эржан Осмонов менен келинчеги актриса Махабат Асанбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Жаштык, сахна, бала. Издешпей табышкан Эржан Осмонов менен Махабат Асанбекова
Н.Б.: — Азият үйдө камкор ата. Балдарын жакшы көрөт. Анча-мынча убактысы жетпейт, бирок анын жумушун түшүнөбүз. Ал мамлекетте болуп жаткан нерселерге көз жумуп жөн жата бербейт.
А.Ж.: — Мага келинчегимдин балдарга жасаган мамилеси абдан жагат. Аларга жакын, керек болсо карьерасын да токтотуп коюп, өзүн балдардын келечегине арнап койду. Коомдук иштерге аралашкандан бери мени Наргиза эле багып жатат. Алдыдагы пландарымды билген үчүн баарына түшүнүү менен мамиле жасайт.
— Маек соңунда келечектеги пландарыңар менен да бөлүшө кетсеңер.
А.Ж.: — Ден соолугум эки жылдан бери жакшы болбой, азыр ошону калыбына келтирейин деп жүрөм. Бардык нерседен тайм-аут ала турсамбы деп жатам. Тынч эле бир жумушта иштеп турам го. Андан кийин ден соолукту чыңдап алып, кайрадан ушул жолго түшүп ишти улантам деген ой бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0