Кыргыз ССРнин полковниги Чоро Мураталиев (оң жакта экинчи) кесиптештери менен. Архив

"Биз жан кечтибиз". Кыргызстандын аскер чалгынчыларынын бааланбай калган эмгеги

2615
(жаңыланган 21:31 27.06.2021)
Бүгүн Тажикстан элдешүү күнүн белгилеп жатат. 1997-жылы 27-июнда Москвада расмий Душанбе менен Бириккен тажик опозициясынын ортосунда элдешүү жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Улуттук биримдик күнү деп майрамдап келген тажик эли үчүн бул дата бир жагынан майрам болсо, экинчи четинен аза күтүү күнү. Маркум дипломат Эрик Асаналиевдин маалыматы боюнча, 1992-1997-жылдары кандуу тирешүүдө Тажикстан үч жүз миңге жакын жаранынан ажыраган.

1997-жылдан баштап беш жылга созулган жарандык согушту токтотууга Кыргызстандын биринчи башчысы Аскар Акаев, аскер чалгынчылары, дипломаттары, КРдин Коргоо министрлигинин өкүлдөрү жана тынчтык орнотуучу батальону зор салым кошкон. Колумнист Алмаз Батилов Кыргыз ССРинин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин ардагери, отставкадагы полковник Чоро Мураталиев менен чалгын кызматынын түптөлүшү жана коңшу өлкөдөгү кандуу калабаны токтотуу үчүн жасаган эмгеги тууралуу маектешкен.

Полковник в отставке, ветеран Комитета безопасности Кыргызской ССР Жумалы Кубатов
© Фото / из семейного архива Кубатовых
Аскердик чалгын кызматынын полковниги Жумалы Кубатов

— Кыргызстандын аскердик чалгын кызматы кандайча түптөлдү эле?

— 1991-жылдын аягында СССР таркады. 1992-жылы Тажикстанда расмий бийлик жана Бириккен тажик оппозициясынын ортосунда кандуу тиреш башталды. Ошол учурда Кыргызстанда да социалдык-экономикалык жана саясий абал татаал эле. Күнү-түнү бүтпөгөн митингдер. 1992-жылы 29-майда генерал-майор Жаныбек Үметалиев Кыргызстандын Коргоо комитетин түптөп, ичинде аскердик чалгын кызматын уюштуруу боюнча суроо жаралды. Адегенде бул атайын кызматты вьетнам жана афган согушунун ардагери, маркум полковник Жумалы Кубатов негиздеген. Ал контрчалгын менен чалгындоо кызматы боюнча дасыккан адис эле. Атайын кызмат алгач маалыматтык-аналитикалык борбор деп аталчу. 1992-жылы 10-июлда ушул аталыш менен атайын кызмат түптөлдү. Башында анын катарында чек арачы Нурлан Досалиев жана дагы башка эки офицер бар эле. 1993-жылы 17-мартта өлкөнүн вице-президенти Феликс Кулов генерал-лейтенант Жумабек Асанкуловго Коргоо комитетинде аскердик чалгындоо башкармалыгын түзүүнү сунуштайт. Ыраматылык Жумабек Асанкуловичтин чалгын кызматы боюнча тажрыйбасы абдан мол болчу, аброю чет өлкөлөрдө жана постсоветтик аймакта зор эле. Куловдун буйругу менен 18-мартта Асанкулов башкы штабдын жетекчисинин орун басары — аскердик чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Башкармалык Коргоо комитетинин учурунда уюшулуп, аталышы расмий бекиди. Ал убакта бул комитетти генерал Мырзакан Субанов башкарып калган. 

— Эмне үчүн өлкө жетекчилиги генерал Асанкуловду аскердик чалгын кызматына жетекчи кылып дайындаган?

— Тажикстандагы кандуу тирешүүнүн кесепетинен чилче тараган качкындардын агымы Кыргызстанга келе баштады. Анын үстүнө мурдагыдай тажик-афган чек арасы кайтарылбай калат. Бул эки мамлекеттин чек арасы аркылуу мыйзамсыз курал жана баңгизат ташыла башталган. Тажикстандагы жарандык согуш Кыргызстанга да терс таасирин тийгизе баштайт. Акаевге генерал Асанкулов "ушул кошуна мамлекеттеги кандуу тирешүүнү токтотууга расмий Бишкек сөзсүз көмөк көрсөтүшү керек. Эгерде Тажикстандагы жарандык согушту токтотууга киришпесек, анда сөзсүз Кыргызстанга залакасы тиет деп кеңеш берген. Аны угуп Акаев КМШ саммиттеринин биринде Тажикстанда эки каршылышкан топту элдештирүү керек деген демилге көтөрүп чыккан. Ошондуктан өлкө жетекчилиги аскердик чалгын кызматынын эки тизгин, бир чылбырын Жумабек Асанкуловичке карматкан. Ал үзөңгүлөштөрү менен биргелешип бул коңшу мамлекеттеги кандуу тирешүүнү токтотууга умтулган.

Генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов (по середине), г. Бишкек, 1995 год
© Фото / предоставлено Маратом Асанкуловым
Кыргызстандын аскердик чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси, генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов (оң жактан экинчи). Бишкек, 1995-жыл.

— Генерал Асанкулов адегенде аскердик чалгындоо кызматына сиз сыяктуу үзөңгүлөштөрүн топтогон турбайбы?

—Ооба. Себеби ал биздин мүмкүнчүлүктөрдү билчү, абдан ишенчү. Ошол эле жылы мартта Ош аймагында аскердик чалгындоо башкармалыгынын бөлүмү түзүлүп, ага Асанкуловдун өтүнүчү боюнча МККнын подполковниги Адылбек Кадырбеков бөлүм башчы жана ошол эле учурда Ош чөлкөмү боюнча Асанкуловдун орун басары болду. Кыргызстандын аскердик чалгын башкармалыгынын пайдубалын Жумабек Асанкулович, мен, Жумалы Кубатов, Эрик Асаналиев, Адылбек Кадырбеков, Геннадий Синянский, Шаршенбай Абдылдаев, Бектен Даиров, Айбек Мамытов, Болотбек Туюкбаев жана дагы башка офицерлер биргелешип түптөдүк.

— Коргоо комитети кандайча министриликтин макамын алды?

— 1993-жылдын аягында Коргоо комитетинин төрагасы, генерал Мырзакан Субанов Асанкуловдон Коргоо комитетин министрлик кылууга көмөк көрсөтүүсүн өтүнгөн. 1994-жылы Жумабек Асанкулович премьер-министр Турсунбек Чыңгышевге кайрылган. Асанкуловдун тапшырмасы менен мен, Кубатов жана Кадырбеков болуп Жогорку Кеңештин депутаттары менен сүйлөшүп, Коргоо комитетин министрлик кылып уюштурдук. Муну менен биз да жумушубузду кеңейттик. 1994-жылы мен Асанкуловдун орун басары болуп дайындалдым. Ошол эле жылы аскердик чалгындоо башкармалыгына Коргоо министрлигинин эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн кызматкерлери Нурлан Молдошев, Таалайбек Темиралиев жана башка офицерлер кошулду. 1995-жылдын башында аскердик чалгындоо башкармалыгы беш бөлүмдөн турчу. Мен, Кубатов жана Абдылдаев бөлүм башчы болчубуз. Ошол эле учурда башкармалыктын жетекчисинин орун басарлары болуп эсептелчүбүз. Андан кийин 1996-жылы Асанкуловдун дагы бир шакирти, чалгын кызматынын ардагери, подполковник Качкын Саргазаков кошулду. Ал буга чейин Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун МККнын Мургаб райондук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Мындан сырткары, Асанкуловдун өтүнүчү менен жаңы уюшулган кызматты РФтин Генералдык штабынын башкы аскердик чалгын башкармалыгы керектүү техникалык жабдуу менен камсыздап берди. Бул чоң жардам болду, анткени чамабыз абдан чакталуу эле. Айлыгыбыз өтө эле аз болчу, жалгыз ”УАЗ” автоунаабыз бар эле. Айрым учурларда бул машинанын майын өз каражатыбыздан куйчубуз. Ушул кыйынчылыктарга карабастан күнү-түнү жаныбызды сабап иштедик. Генерал-лейтенант Асанкулов шакирттери менен үзөңгүлөштөрүнө дайыма "биз — жан кечтилербиз, ошондуктан Ата Мекен үчүн жаныбызды аябай кызмат өтөшүбүз керек" дечү.

Таджикистанские беженцы в Кыргызстане, 2000-год
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
Тажикстандык качкындар Бишкекке келген учур. 2000-жыл.

— Кыргызстандын чалгын кызматы Тажикстандагы абалды кандай ыкмалар менен иликтеп турду?

— 1993-жылы январда Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Ишкашим районуна Кыргызстандын тынчтык орнотуучу батальону киргизилген. Бул батальон тажик-афган чек арасын кайтарган. Жумалы Кубатов менен Адылбек Кадырбеков Тажикстандагы кыргызстандык жоокерлерге катташып, ал жердеги жарандык согуштун чоо-жайын такай иликтеп, ар түрдүү булактардан маалымат чогултуп турушту. Батальондун офицерлери, прапорщиктери жана аскерлери Памирдеги табигый оор шартка жана материалдык кыйынчылыктарга карабастан алты жыл кызмат өтөштү. Ошол эле убакта Душанбе шаарында жайгашкан Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн штабында Кыргызстандын Коргоо министрлигинин өкүлү, теги орус подполковник мыкты иштеди. Тилекке каршы, анын аты-жөнү эсимде жок. Аскердик офицер болсо да коопсуздук системасында иштеген кызматкер сыяктуу Тажикстандагы абалга терең талдоо жүргүзчү. Бул офицер бизге эки же үч булактан такталган маалымат жиберчү. Кийин ага полковник наамын алып бердим.

1993-жылдын экинчи жарымынан кийин аскердик чалгындоо башкармалыгы расмий Душанбе менен Бириккен тажик оппозициясынын ортосундагы сүйлөшүүдө сөзсүз Бишкек ортомчу болушу керектиги тууралуу маалыматты өлкө жетекчилигине жеткирди. Себеби башка коңшу мамлекеттердин Тажикстандагы жарандык согушту токтотууга кызыкдар эмес экени ачык билинип калды. Ошондуктан каршылашкан эки тараптын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек деп байма-бай сунуштап турдук. 1994-жылдын башында биздин аналитикалык маалыматка таянып, КР жетекчилиги расмий Душанбе жана Бириккен тажик оппозициясынын өкүлдөрүн Бишкекке чакырып, биринчи ирет чогуу отуруп сүйлөшүүгө көндүрдү. Буга чейин айыгышкан эки тарап такыр бир ымалага келе албай жаткан. Бишкектеги сүйлөшүүдө эки жак документке кол койбосо да тынчтык келишими жөнүндө сөзгө келери байкалып турду. Андан кийин май айында Москвадагы расмий Душанбе жана Бириккен тажик оппозициясынын ортосундагы сүйлөшүүлөргө Кубатов менен Асаналиев Коргоо министрлигинин өкүлдөрү катары катышып, каршылашкан тараптардын расмий жана бейрасмий лидерлери менен жакындан таанышкан. Ушуну менен Кыргызстандын аскердик дипломатиясынын башаты түптөлдү десек болот.

Экс посол Кыргызстана в Таджикистане Эрик Асаналиев
© Фото / из личного архива Эрика Асаналиева
Кыргызстандын Тажикстандагы биринчи элчиси Эрик Асаналиев

1994-жылы Тегерандагы расмий Душанбе жана Бириккен тажик оппозициясынын ортосундагы сүйлөшүүгө Эрик Акматбаевич катышып, казак, өзбек жана орус кесиптештери менен таанышты. Мындан сырткары, ал эки каршылашкан тараптын дагы башка таасирдүү фигуралары менен ымала түздү. Ирандын борборунда өткөн сүйлөшүүдө Эрик Акматбаевичке Асанкуловдун өтүнүчү менен РФтин Генералдык штабынын башкы аскердик чалгындоо башкармалыгынын өкүлчүлүгү техникалык жактан жардам берди. Тегерандан кийинки сүйлөшүүлөргө кыргыз өкмөтү аскердик чалгын кызматынын өкүлдөрүн каржылагандан баш тартты. Дал ушул себептен улам Жумалы Осмонович расмий Душанбе менен Бириккен тажик оппозициясынын ортосундагы башка сүйлөшүүлөргө катыша албай калды. Буга карабастан жетекчиликке күн сайын Тажикстандагы абал тууралуу ыкчам жана так маалымат берип турдук.

Ал эми Роза Отунбаева Жумабек Асанкуловичтен Эрик Асаналиевдин Тышкы иштер министрлигине иштөөсүн өтүнгөн. Ошентип Асаналиев ТИМде өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи болуп дайындалган. Эрик Акматбаевич расмий Душанбе жана Бириккен тажик оппозициясынын ортосундагы сүйлөшүүлөргө үзгүлтүксүз катышып, жетекчилик баарынан кабардар болуп турду. Бул багытта Эрик Акматбаевичтин нагыз дипломатиялык сапаттары ачылды.

Начальник контрразведки 860-го мотострелкового полка, капитан Жумалы Кубатов. Архивное фото
© Фото / из семейного архива Кубатовых
860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун контрчалгындоо бөлүмүнүн жетекчиси капитан Жумалы Кубатов (экинчи катарда сол жактан үчүнчү) советтик жана афгандык куралдаштары менен. Файзабад шаары. 1980-жыл.

— 1993-жылдын башында Кыргызстандын тынчтык орнотуучу батальонунун төрт аскерин тажик согушкерлери туткунга түшүргөн. Аларды аскердик чалгындоо кызматынын офицерлери Кубатов менен Кадырбеков туткундан куткарган турбайбы. Ушул окуянын чоо-жайын айтып бересизби?

— Төртөө тең Баткен чөлкөмүнүн кулундары эле. Жарым жыл бою тажик козголоңчулары аларды каякка алып кеткени билинбеди. Ошол эле жылы апрелде Анкарада Ислам конференциясы уюмунун саммити өтүп, ага Аскар Акаев барган. Президент Афганистандын башчысы Бурханиддин Раббани менен атайын жолугуп, кыргыз жоокерлери тууралуу сураган. Бирок Раббани ага кабарым жок деп кыска жооп берген. Буга карабастан Кыргызстандын аскердик чалгын башкармалыгы ушул төрт аскер тууралуу Афганистан менен Тажикстандагы расмий жана бейрасмий булактардан маалымат топтоду. Натыйжада жоокерлерди тажик согушкерлер Түндүк Афганистандын Тахар чөлкөмүнүн борбору Талукан шаарына алып кеткени билинди. Бул калаада Бириккен тажик оппозициясынын жетекчилиги менен штабы жайгашкан болчу. Туткундагы жоокерлерди бошотуу үчүн Асанкулов Кубатов менен Кадырбековду Тажикстандын Тоолуу Бадахшанына жиберет. Буларга Бириккен тажик оппозициясынын белгилүү лидери чоң көмөк көрсөткөн. Жумалы Осмонович Түндүк Афганистандын Бадахшан аймагынын губернатору Абдул Басир жана афгандык аскердик бөлүктүн командири, улуу Могол империясын түптөгөн Захиреддин Мухаммед Бабурдун урпагы Саид Наджимиддин менен жолугат. 1980-1981-жылдары Кубатов 860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун контрчалгын бөлүмүнүн башчысы эле. Бул полк биринчилерден болуп Түндүк Афганистанга киргизилген. Эки жылдын ичинде ушул чөлкөмдө Кубатов афгандык козголоңчуларга каршы контрчалгындоо боюнча ийгиликтүү операцияларды жүргүзгөн. Ошол эле учурда ал жергиликтүү бийлик менен элдин арасында абдан кадыр-барктуу болчу. Афгандык козголоңчулар да Жумалы Осмоновичти эр жүрөктүүлүгү менен айлакерлиги үчүн аябай сыйлачу. Ошондуктан моджахеддер аны дароо таанышат. "Сен бизге каршы салгылашкан советтик офицерсиң" деп Кубатовду жылуу кабыл алышат. Жумалы Осмонович Жумабек Асанкулович аны кыргызстандык жоокерлерди туткундан бошотууга атайын жибергенин билдирет. Моджахеддер генерал Асанкулов тууралуу кабардар экен, көп жакшы пикирлерди айтышат. Кыргызстандык төрт аскерди "Асанкулов менен сенин кадырың үчүн эч талап койбой бошотобуз" деп сөз берип, убадасына турушат. Ошентип 13 жыл мурда Жумалы Осмоновичке каршы согушкан душмандар ага жардам берген. 1993-жылы 16-августта Жумалы Осмонович менен Адылбек Кадырбеков төрт аскерди аман-эсен ата-энелеринин колуна тапшырган.

Кыргызские миротворцы в Горно-Бадахшанской автономной области Таджикистана.
© Фото / из личного архива Алмаза Базарбаева
Кыргызстандын тынчтык орнотуучу батальонунун жоокерлери. Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун Ишкашим району

Бүгүнкү күндө да кыргызстандык аскер чалгынчылардын Тажикстандагы кандуу согуш учурунда жүргүзгөн нечен иштери мамлекеттик купуя сыр болуп ачыкка чыкпай келерин белгилеп кетким келет. Эрдиги бааланбай,  сыйланбай калганы өкүндүрөт. Маркум Асанкулов, Кубатов, Асаналиев жана башка аскердик чалгындоо кызматынын офицерлери мамлекеттик сыйлык менен сыйланышы абзел. Тажикстандагы кандуу тирешүүнү токтоткон ар бир кыргызстандыктын ысымы тарыхыбызда алтын тамга менен жазылышы керек. Жаш муунга үлгү катары алар тууралуу СССРдин учурунда тартылган “Офицерлер” өңдүү Кыргызстан даректүү жана көркөм тасма тартыш керек деген ойдомун. РФ Генштабынын Башкы аскердик чалгын башкармалыгынын музейинде генерал Асанкуловдун бюсту коюлган, өзүнчө бурчу бар. Ал эми Кыргызстанда Жумабек Асанкуловичке дале эстелик коюла элек. Тажикстандагы жарандык согуштун себептерин кыргызстандык тарыхчылар жана саясат таануучулар терең изилдеши керек деп эсептейм

2615
Белгилер:
Тажикстан, Кыргызстан, жарандык согуш, Эрик Асаналиев, Аскар Акаев, чалгынчы, офицер, Афганистан, чек ара, Чоро Мураталиев
Тема боюнча
"Тажикстандыктардын көбү Кыргызстанга качып аман калган". Жарандык согуштун каары
Аскар Акаев: Тажикстандын бийлиги менен оппозициясын үч күн дегенде эпке келтиргенбиз
Парктагы кишилер. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

16
25-октябрга караган түнү республиканын аймагында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көл чөлкөмүндө +10...+15, ал эми Нарын аймагында +7...+12 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +15...+17, Ош калаасында +17...+19 градуска жетет.

16
Белгилер:
октябрь, Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Кыргызстанда майды аз ичкен унаалар канчадан сатылууда. Инфографика